Жарандык көзөмөл комитети бийлик бутактарын, бардык саясий күчтөрдү диалогго чакырат

  • 3 года мурун

Жарандык көзөмөл комитети өлкөнүн бийлик бутактарын, саясий партияларды ачык диалогго чакырат.

Белгиленгендей, 2020-жылдын 5-октябрында Кыргызстан эли Ала-Тоо аянтында активдүү жарандар, саясий партиялардын өкүлдөрү менен акыйкатсыз шайлоо жыйынтыгына каршы чыгып, бийликти иш жүзүндө алып түштү.

Коомдук-саясий абал саат сайын өзгөрүп, радикалдуу жана кооптуу формаларга ээ болуп жатат. Саясий тирешүү өлкөнүн ишин басаңдатып,укуктук жана саясий туңгуюкка алып келет.

Бул учурда абалдан чыгуунун жалгыз жана анык жолу саясий партиялар жана коомдук топтор арасында Улуттук диалог уюштуруу зарылдыгы келип чыкты. Ага Президент Сооронбай Жээнбековдон баштап, саясий жана коомдук топтор, Жогорку Кеңештин депутаттары, 4-октябрда шайлоого катышкан саясий партиялар катышышы керек.

Улуттук диалог парламентке кайра шайлоо өткөрүү, шайлоо эрежелерин өзгөртүү, бирин-бири куугунтуктоону, коркутуп-үркүтүүнү токтотуу, техникалык өкмөттү бекитүү, COVID-19 дун экинчи толкунуна каршы чаралар, коопсуздук, тынч күндөргө кайтуу маселелери каралышы керек.

Жарандык көзөмөл комитети жогорудагы чараларды кароо үчүн бардык саясий партияларга, бийлик бутактарына өзүнүн жарандык аянтчасын сунуштоону туура көрөт.

Улуттук диалогго байкоочу катары эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк өкүлчүлүк өкүлдөрү, бизнес өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары чакырылат.

Диалог 15-16-октябрда (болжол менен) өткөрүлөт.

5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган.

Парламенттин ал жыйынын айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты