Аида Касымалиева коркутту деген депутат Урмат Самаев ким?

10-октябрь күнү «Ала-Арча» резиденциясында парламенттин кезексиз жыйынында Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка бекитилген. Аталган жыйынга вице-спикер Аида Касымалиева да барып, бирок көп өтпөй резиденциядан кетип калган.

Бул окуяга байланыштуу Касымалиева өзүнүн Facebook баракчасында саясий келишпестиктерден улам коркутууларга дуушар болуп жаткандыгын жана жыйынды мыйзамсыз деп эсептегенин жазган. Бул билдирүүдө кысым көрсөттү деп Урматбек Самаев аттуу депутаттын ысымын атаган. Урматбек Самаев деген ким?

Урматбек Самаев деген ким?

Урматбек Самаев 1986-жылы Чүй облусунундагы Онбир-Жылга айылында туулган. 2012-жылы Каракол шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Спорт менен көп жылдар бою машыгып “Чемпион” аттуу каймана атка ээ болгон Урмат Самаев эмгек жолун 2006-жылы Каракол шаарындагы олимпиадалык резервдеги балдар жана жаштар спорт мектебинде бокс боюнча машыктыруучусу болуп баштаган.

Саясий карьерасы

Урматбек Самаев саясий карьерасын 2012-жылы Токмок шаардык кеңешинде депутат болуу менен баштаган. 2016-жылы “Кыргызстан” саясий партиясы БШК нын чечими менен Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыраткандан кийин, бул эки мандатка Алмазбек Токторов жана Урматбек Самаев депутат болуп бекитилген. Бул окуя боюнча чуулгандуу сот процесстери уланып, Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманова өз мандаттарынан мыйзамсыз негизде ажырап калганын жана өз каалоолору менен партиядан кетүү арыздарын жазбаганын айтып, Жогорку Сотко чейин кайрылышкан. Бирок сот алардын арызын канааттандырган эмес.

Мындан тышкары, Урматбек Самаев 2018-жылдан бери Кыргызстандын Көк-Бөрү федерациясынын вице-президенти, ал эми 2019-жылдын 25-январында Кыргызстандын «Аргымак» федерациясынын президенти болуп шайланган. 2019-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин башчысынын орун басары болуп иштей баштаган. Кээ бир ММКлар Самаев парламентте сейрек сүйлөйт, Жогорку Кеңештин сайтындагы профилинде ал иштеп чыккан мыйзам долбоорлору көрсөтүлгөн эмес деп жазып чыгышкан.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо, “Кыргызстан” фракциясынын 6-чакырылышынын депутаты Урматбек Самаев “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен 200 талапкерлердин ичинен 21-орунда шайлоого аттанган.

Чуулгандуу иштер менен байланышы

Буга чейин Самаевдин ысымы 2019- Токмоктогу кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктундагы атышуу боюнча чуулгандуу окуяда бир канча ирет айтылган. Атышуунун катышуучусу Аскат Үсөнов, Урматбек Самаевди ачык айыптап, окуянын экинчи катышуучусу анын жакын тууганы болгонун, ал эми депутат процесстин жүрүшүнө кийлигишип жаткандыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жөнөткөн.

Ал эми Урмат Самаев бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин айтып,бардык айыптоолорду четке каккан. Ал эми 2018-жылдын апрель айында Kaktus.media Самаев жана Кубанычбек Кочкорбаев шаардык кеңештин депутаты Сулайман Ложаровдун мандатын күч менен алууга аракет кылышкан деп жазган. Ал эми Ложаров Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аларга жогорудагы депутаттарга карата арыз менен кайрылгандыгын тастыктап, чара көрүүнү суранган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, Ложаров арызын кайтарып алып, Самаев менен Кочкорбаевге коюлган бардык дооматтарды кайтарып алган.












2018-жылы “Парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн” деп грамотага ээ болгон.

Мүлкү жана кирешеси

Declarator сайтынын 2018-жылдагы маалымат боюнча Урмат Самаевдин расмий кирешеси 674 миң 594 сомду түзсө, чыгашасы 5млн сомго жеткен. Ал эми туугандарынын киреше жана чыгаша булактары көрсөтүлгөн эмес. Мындан тышкары 100 чарчы метрлик үйү жана “ODA Tynai — Security” аттуу компаниясы бар.

“Аида Касымалиевага кысым көрсөткөн жокмун”

Урматбек Самаев 11-октябрда АКИpress агенттигине вице спикер Аида Касымалиеванын өзү тарабынан коркутууларга учурап жатканын негизсиз деп эсептеп: «Мен аны коркуткандыгым жөнүндө далилдер болушу керек. Мен ал сыяктуу эле бир депутатмын, ал тургай Аида Касымалиева андан дагы жогорку статуска ээ. Добуш берүүнү же каршы добуш берүүнү ар бир депутат өзү чечет”, — деп билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты