​Отунбаева: «Президент азыр кете албайт, ал бизге калканч болуп бериши керек»

Буга чейин Сооронбай Жээнбековдун Роза Отунбаева менен жолугушканы тууралуу айтылган.

24 kg басылмасы экс-президент менен байланышканда, Роза Отунбаева Жээнбеков азыр кызматын таштап кетүүгө тийиш эмес деп айтканын билдирди.

-Мен ага азыр кете албай турганын айттым. Моралдык жагынан гана эмес, эң биринчиден, ал элине, жерине кызмат кылууга ант берген.Тескерисинче, ал бизге калканч болуп бериш керек».

Ошондой эле Жээнбеков өлкөнү укуктук талаага алып келиши керектигин айткан.

-Абал ушунчалык тез өзгөрүп жатат, эми Сооронбай Жээнбеков бизди укуктук талаага гана алып келбестен, мамлекетти конституциялык алкакка алып келиши керек, -деди экс-президент.

Борбордук Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык митинги болгон.

Митингчилер 6-октябрда Ак үйдү басып алышты. Камактагы Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков жана башкалар бошотулган.

10-октябрда «Ала Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын чукул чакырылган жыйыны болуп, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги бекитилди.

Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстанда Конституциялык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча кыргызстандыктарга, Президентке, Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылуу жасашты.

Бир катар депутаттар, коомдук-саясий ишмерлер парламенттин 10-октябрдагы жыйыны кворум жок өткөнүн жана андагы кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз экенин айтып чыгышты. Ал тургай бул жыйынга барган айрым депутаттар басым-кысымга кабылганын билдиришүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты