​ЖКнын депутаты Акылбек Жапаровдун дача тибинде салынган үйүнүн өрттөлгөнү чындык

Социалдык баракчаларда турак жай өрттөнүп жатканда тартылган видеотасма тарады. Ага, социалдык тармактын колдонуучулары “Депутат Акылбек Жапаровдун Канттагы үйү өрттөнүп атат”, “Үйүн өрттөп кетишти”, — деген сыяктуу билдирүүлөрдү калтырышкан.

Бул маалымат боюнча, Ысык-Ата районунун акими Байыш Курманов депутаттын үйүн кимдер өрттөгөнү белгисиз экендигин айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

“Ооба, окуя 5-октябрь түнү болгон. Депутат Акылбек Жапаровдун Ысык-Ата районунун Боз-Бармак айылындагы дача тибинде салынган, айыл чарба иштерине керектүү делген аспаптар коюлчу үйү өрттөлгөн. Кимдер өрттөгөнү азырынча белгисиз. Бирок, ошол учурдагы окуяларды өзүңүздөр деле көрдүңүздөр да” деди.

Ысык-Ата районунун акиминин айтканына таянсак, депутат Акылбек Жапаровдун Ысык-Ата районундагы дача тибиндеги салынган үйү кимдир бирөөлөр тарабынан өрттөлгөнү чындык.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров менен азырынча байланышууга мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрь күнү парламенттик шайлоо болуп өттү. Анын жыйынтыгына нааразы болгон эл 5-октябрь күнү митингге чогулуп, Ак үйдү алышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты