COVID-19: 298 учуру катталды. 5 киши каза тапты

  • 4 года мурун

12-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 298 учуру катталды. 5 бейтап каза тапты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 59;

Ош — 33;

Чүй облусу – 13;

Ош облусу — 51;

Талас облусу – 3;

Ысык-Көл облусу – 13;

Жалал-Абад облусу – 40;

Баткен облусу — 86.

Бир сутка ичинде 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 1 кызматкер ооруканадан айыгып чыкты, үй карантининен 3 кызматкер чыгарылды.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3437и кишиге жетти. Алардын арасынан 3089 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 49 528ге жетти.

Өткөн суткада 127 киши коронавирустан сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 44 522ге жетти.

5 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1090го жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты