COVID-19: 306 учуру катталды. 3 бейтап каза тапты

  • 4 года мурун

11-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 306 учуру катталды. 3 бейтап каза тапты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 53;
Ош — 54;
Чүй облусу – 20;
Ош облусу — 52;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 9;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 63;
Баткен облусу — 41.

Бир сутка ичинде 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 1 кызматкер ооруканадан айыгып чыкты, үй карантининен 3 кызматкер чыгарылды.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3415 ке жетти. Алардын арасынан 3085 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 49 230га жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 3 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1085ке жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты