​Аида Касымалиева Премьер-министрдин ордуна жаңы талапкерди көрсөтүүнү сунуштады

  • 4 года мурун

Депутат жана парламенттин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева көпчүлүк коалицияга премьер-министр кызмат ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлигин кайра карап чыгууну сунуштады.

Бул тууралуу Аида Касымалиева Фейсбук баракчасына жазып калтырган.

Депутат мамлекеттин туруктуулугун, өлкөдөгү тынчтыкты жана тартипти камсыз кылуу үчүн, өкмөт башчылыгына Садыр Жапаровдун талапкерлигин кайра карап чыгууну Жогорку Кеңештин депутаттарына сунуштайт.

“Садыр Жапаров парламенттин ичиндеги жана тышындагы ар кандай саясий күчтөрдүн башын бириктирип, бийлик менен оппозициянын ортосундагы көпүрөгө айланып, пикир келишпестиктерди жоюуга жардам берип, жаңы парламенттик шайлоону үзгүлтүксүз өткөрүүгө шарт түзүп бере турган адам болот деп ишендик”, — дейт ал.

Ошондой эле, Премьер-министринин кызмат ордуна жаңы талапкерди көрсөтүүнү сунуштай тургандыгын билдирди:

“Тилекке каршы, акыркы бир нече күндөгү окуялар анын жеке сапаттарына жана артыкчылыктарына карабастан, учурда коомдун олуттуу бөлүгү аны кабыл алуудан баш тартып, бүтүндөй өлкөнү бириктирүүнүн ордуна, тескерисинче, биз бөлүнүүнү жана пикир келишпестиктерди күчөтө тургандай абалда калыптангандыгын көрсөттү. Элдик өкмөтүнүн ордуна биз кыжырданууну пайда кылабыз жана андан да көп, коомдук ынтымакка шарт түзүүнүн ордуна, анын премьер-министр болуп дайындалышы өзүнөн-өзү коомдогу дүрбөлөңгө алып келет. Биз мындай тобокелге барууга укугубуз жок”.

Эске салсак, 6-октябрда премьер-министр Кубатбек Бороновдун отставкага кетүүгө арыз бергени маалым болгон. Анын ордуна депутаттардын бир бөлүгү Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунушташкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты