​Бишкекте өзгөчө абал Жогорку Кеңеш жарлыкты бекиткенден кийин кирет

  • 4 года мурун

Бишкек шаарында өзгөчө абал эртең, 10-октябрда, киргизилет.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 9-октябрынын саат 20.00дөн баштап 2020-жылдын 21-октябрына саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди деп айтылган.

Бирок “Өзгөчө абал” тууралуу Конституциялык мыйзамдын 4-беренесине ылайык, жарандардын коопсуздугун жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти өзгөчө абал киргизиле тургандыгы тууралуу эскертери жазылган. Ал эми аталган мыйзамдын 8-беренесине ылайык, айрым жерлерде өзгөчө абал киргизүү тууралуу эскертпей эле киргизет жана бул тууралуу Жогорку Кеңешке токтоосуз, ошол эле күнү билдирет.

Аталганг мыйзамдын 9-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен үч күндүн ичинде айрым жерде өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты бекитиши же четке кагышы керек. болчу.

Бүгүн, 9-октябрда, Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты