Өкмөт башчынын отставкасы тууралуу жарлыкка кол коюлду

  • 4 года мурун

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун отставкасы кабыл алынды.

Бул Конституциянын 65-беренесине, 87-беренесинин 1,2,3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык, кабыл алынды.

Өкмөт дагы кызматтан кетти деп эсептелет.

Жарлыкка ылайык, премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык, кызматын жаңы курам түзүлгөнгө чейин улантышат.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

6-октябрда премьер-министр Кубатбек Бороновдун отставкага кетүүгө арыз бергени маалым болгон. Анын ордуна депутаттардын бир бөлүгү Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунушташкан.

“Республика”, “Бир Бол”, “Реформа”, “Ата-Мекен” саясий партиялары премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду, вице-премьер-министрликке Тилек Токтогазиевди сунуштап жатышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты