Президент Бороновдун отставкасын кабыл алган эмес

  • 3 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун отставкасын кабыл алган эмес. Бул маалыматты РИА Новости агенттиги президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиевага таянып жазган.

Президент Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева: “Өлкө башчы Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү боюнч арызын азырынча кабыл ала элек”, деп билдирген.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.
6-октябрда премьер-министр Кубатбек Бороновдун отставкага кетүүгө арыз бергени маалым болгон. Анын ордуна депутаттардын бир бөлүгү Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунушташкан.

Ал эми төрт партия-“Республика”, “Бир Бол”, “Реформа”, “Ата-Мекен” саясий партиялары премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду, вице-премьер-министрликке Тилек Токтогазиевди сунуштап жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты