​Өмүрбек Суваналиев: “Премьер-министр Боронов арыз жазбаса, кетпесе, Садыр Жапаров кантип премьер болот?”

  • 4 года мурун

Кечээ, 8-октябрь күнү кечинде, Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдында билдирүү жасаган. Анда анын ишине бир топ саясатчылар тоскоол болуп атканын айтып, айрымдарынын аттарын атаган.

Алардын арасында Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Суваналиев да бар.

Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө Өмүрбек Суваналиев, ал Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары мыйзамдуу түрдө туруктуулук үчүн гана иштеп жатканын айтты.

«УКМКны басып алды» деген билдирүү күлкү келерлик. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары мыйзамдуу түрдө турукташтыруу боюнча аракет кылып атабыз. Саясатчыларга «биз силерге киришпейбиз, өзүңөр чечип алгыла» дегенбиз. Премьер-министр Боронов арыз жазбаса, кетпесе, Садыр Жапаров кантип премьер болот? Ак үйдө премьер-министр болом деп дагы 3-4 киши жүрөт», — дейт ал.

Жогорку Кеңештин «Достук» мейманканасында 6-октябрда чогулган депутаттары өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялашкан.

Ошол эле жыйында Кубатбек Боронов өкмөт башчылыктан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылганы менен, арызды президент кабыл алган-албаганы тууралуу маалымат жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты