Милиция менен элдик кошуун кызматташууда​

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана элдик кошуундун мүчөлөрү расмий түрдө кызматташууга өттү. Эки тараптын жолугушуусу ички иштер башкармалыгынын имаратында болду.

Бүгүн, 8-октябрда, саат 17:00дө милиция жана элдик кошуундун кызматташуусу салтанаттуу ачылып, катышууучулардын катарга тизилүүсү менен башталды.

Кызматташуу иш-чарасына ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов да катышты. Ал өз сөзүндө:

-Бүгүнкү күндө 5000ден ашуун элдик кошуундун мүчөлөрү бар экен. Кечинде жеке өзүм дагы шаар ичин кыдырып, абалды көзөмөлдөйм. Азыркы учурда элдик кошуунга муктаждыгыбыз бар. Сиздер менен бирге Бишкек шаарында тартип орнотоорубузга ишенем,- деп ыраазычылыгын билдирди.

Бүгүндөн баштап шаар ичиндеги райондорду милиция жана элдик кошуундун ыктыярчылары топ-топторго бөлүнүп. көзөмөлгө алаары айтылды.

Парламенттик шайлоого нааразылык билдирген партия өкүлдөрү, коомчулук каршылык акциясына чыккан. Андан кийин митингчилер Ак үйдү басып алган.

6-октябрдан тартып Курсан Асанов ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары иштеп жатат.

Ошондой эле, талап-тооночулукка жол бербөө максатында ыктыярчылардан элдик кошуун уюшулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты