​ЖКнын төрагасы Мыктыбек Абдылдаев Президент менен телефон аркылуу сүйлөштү

  • 4 года мурун

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев Президент Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Президент тараптан демилгеленген бул баарлашууда өлкөдөгү соңку саясий кырдаал талкууланды.

Төрага азыркы убакытта Жогорку Кеңеш абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү боюнча бардык колдон келген аракеттерди жасап жатканын, ошондой эле депутаттар тарабынан абалдан чыгуунун бир катар жолдору сунушталганын белгиледи.

Ошону менен катар айрым эл өкүлдөрү тарабынан Президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталгандыгын эскертти.

Мыктыбек Абдылдаев Президентке кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө кароосу керек экенин белгиледи.

“Анткени, өлкөбүз күтүү режиминде жашай албайт”, — деп кошумчалады Төрага.

4-октябрда өткөн парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Ошол түнү милиция митингчилерди кууп-таратууга аракеттенген. Бишкектин көчөлөрүндө топ-топ болуп жайылган митинчилер менен милициянын кагылышуусу болгон.

6-октябрга оогон түнү митингчилер Президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Садыр Жапаровдун тарапташтары аны СИЗОдон чыгарып алышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты