​Ала-Тоо аянтында Сооронбай Жээнбековду колдогон митинг өткөрүү пландалууда

  • 3 года мурун

Бүгүн, 8-октябрда, Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын учурдагы президенти Сооронбай Жээнбековду колдогон митинг өткөрүү пландалууда.

Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева, Мэриянын алдындагы Азиз Суракматовдун кайтып келүүсүнө багытталган митингте билдирди.

Касымалиеванын айтымында, кийинчерээк бул митингге катышкандар аянтка чыгып, Сооронбай Жээнбековду колдоону пландаштырууда.

Эске салсак, бир күн мурун депутаттар жыйын өткөрүп, анда Жээнбековго импичмент жарыялоону пландашкан. Бирок, ал ишке ашкан эмес.

Касымалиева ал жакка дагы чакырылганын, бирок ал барбай калгандыгын айтат:

«Алар импичмент жарыялоону каалашкандыгын билдиришти. Мен импичмент жарыялоого каршымын”.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты