​Шайлоо-2020: БШК шайлоо күрөөсүн кимге кайтарып берет?

  • 4 года мурун

БШК шайлоо күрөөсүн кимге кайтарып берет жана кайталап шайлоо болобу?

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышкан партияларга шайлоо күрөөсүн кайтарып бериши керек. Бирок, бардык эле саясий бирикмелер каражат ала албайт.

Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Ал мыйзамга ылайык, кепилдик добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табууга негиз болгон тараптарга кайтарылбай тургандыгын, аларга кайрадан шайлоого катышууга тыюу салынгандыгын айтат:

“4-октябрдагы парламенттик шайлоону жараксыз деп табуу жөнүндө жарлыкта, чечим 12 саясий партиядан түшкөн арыздын негизинде кабыл алынгандыгы көрсөтүлгөн. Эми Борбордук шайлоо комиссиясы кимдин иш-аракеттери мындай натыйжага алып келгендигин аныкташы керек: БШК же партиялар. Кечээ ыктыярчылар менен биргеликте биз социалдык тармактарда жарыяланган мыйзам бузуулар боюнча фактыларды топтодук. Алардын 156сын гана таптык. Алардын арасында өтө одоно дагы фактылар бар. Мындан тышкары, БШКга 165 арыз келип түшкөн. Ар бир арыз каралышы керек. Ошондой эле Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурадан жооп күтүп жатабыз”.

Атыр Абдрахматова шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыктан, аларды кайрадан жарыялоо керек деп түшүндүрдү.

“Борбордук шайлоо комиссиясынын күнүн белгилөөгө бир ай убакыт бар. Ошондой эле өзүн каралап чыккан БШКнын азыркы курамы жаңы шайлоону өткөрөбү же жокпу, чечиш керек”.

Эске салсак, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы тарап 5-октябрда митингке чыгып, Ак үйдү басып алышкан.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты