​Жеңиш Молдокматов: “Мамлекетте кырдаал оор, эмоцияга алдырбайлы”

  • 4 года мурун

Өкмөт Үйүндөгү жыйындар залына 4-октябрдагы шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын лидерлери, мүчөлөрү жана “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиевди өкмөт башчылыкка көрсөтүүнү колдогон тарап чогулууда.

Жыйынга келген “Замандаш” партиясынын лидери Жеңишбек Молдокматов Өкмөткө талапкерлерди алып Жогорку Кеңештин депутаттарына барабыз дегендин өзү туура эмес экиндигин, жалгыз легитимдүү орган парламент экендигин айтат:

“Мамлекетте кырдаал оор. Биз азыр кэчээ шайланган өкмөт башчыны калтырабызбы же алмаштырабызбы деген суроону коюшубуз керек. Андай кийин эмоцияга алдырбай премьер-министрди бекитишибиз керек”.

Молдокматовдун айтымында, партиянын лидерлеринин баарын өкмөт үйүнө бириктирип, ошол жерден өкмөт башчыны, премьер-министрди бекитүү керек.

6-октябрда VI чакырылыштын 62 депутаты Садыр Жапаровду премьер-министрликке талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Премьер-министр Кубатбек Боронов отставкага кетүүгө арыз жазганы маалым болду. Өкмөт башчылыкка «Достук» отелине чогулган депутаттар тобу Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунуштаган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга караган түнү Президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты