Тилек Токтогазиев: «Реформа жасап, Кыргызстанда стабилдүүлүктү орнотууга даярмын»

  • 3 года мурун

Кечээ, Садыр Жапаровдун “Достук” мейманканасында өзүн өкмөт башкы кылып айтканын жана ага 60тан ашып депутат кол коюп бергенин тааныбай турган топ бүгүн нааразычылык акциясын уюштурушту.

Акцияны уюштурган жаштар Тилек Токтогазиевди өкмөт башчылыкка көрсөтүшүүдө.

Тилек Токтогазиев сөз сүйлөп, Реформа жасап Кыргызстанда жаңы өкмөт куруш керектигин сунуш кылды:

“Мен шайлоого катышпайм. Реформа жасап, Кыргызстанда стабилдүүлүктү орнотууга даярмын. Сооронбай Жээнбеков, Раимбек Матраимовдан бийликти тазалашыбыз керек”.

Ошондой эле Садыр Жапаровду Кыргызстандын жаштары тааныбай тургандыгын, эски лидерлерге ишенбей жаңы өкмөт түзүү керектигин айтат.

Эске салсак, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты