​Мелис Мырзакматов Ошко учуп келди

  • 4 года мурун

Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов 7-октябрга караган түнү Түркия мамлекетинен Ошко учуп келди. Ал аянттагы митингге чогулгандар менен жолукту.

Мырзакматов Оштогу митингчилерден көпкө күтүргөнү үчүн кечирим сурады. Ал кечигүүсүнүн себебин: “Мени Кыргызстанга киргизбей, 3 саат асманда кармап коюшту. Муну кимдер кылганы баарыбызга белгилүү” деп түшүндүрдү. Ош шаарынын аянтындагы эл кечээ күндүзгү саат 12ден бери Мырзакматовду күтүшкөн.
Экс-мэр өз сөзүндө: “Ош, Жалал-Абад, Баткен эртең менин командамды күткүлө! Биз баарыбыз биригишибиз керек. Мен Матраимовдордун кайда экенин таап берем” деп, аянттагылардын үйлөрүнө тарап кетишин өтүндү.
Эске салсак, Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэри кызматын аркалаган. Ага “кызматынан кыянаттык менен пайдаланды” деген кылмыш беренен менен иши козголгон. 2017-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн.

6-октябрда, Ош шаарында да парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги уюштурулду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты