Сооронбай Жээнбеков: Мен легитимдүү Президентмин

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда Би-Би-Си радиосуна маек куруп, өлкөдөгү соңку окуяларды бийликти мыйзамсыз басып алуу аракети деп мүнөздөдү.

«Алардын максаты — шайлоонун тыянагын жокко чыгаруу эмес, өлкөдөгү туруктуу абалды бузуу болгону көрүнүп турат. Аягында келип эле президентти кызматтан кетирүү максатты көздөгөнү ачык-айкын болду. Баарыбыз көрүп жатабыз, эртең менен бири, түштөн кийин бири кызмат талашууда. Тилекке каршы, эки ирет ушундай олку-солкудан өткөн Кыргызстаныбыз кайрадан ошондой абалга туш болуп калды. Тараптардын баарын мындай ишти токтотууга чакырат элем» деди ал.

Жээнбеков өлкөдөгү абалды турукташтырууга жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.

«Координациялык кеңеш абалды укуктук талаага кайтарууга аракет кылууда. Мен аларга жардам берүүгө даярмын. Мен — легитимдүү Президентмин, мага көп нерсе көз каранды», — деди Жээнбеков.

Президент буга чейин «YouTube» аркылуу видео кайрылуу жасап, соңку окуяларды шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган.

5-6-октябрдагы тополоңдо ондогон адам жараат алып, бир киши мерт болду.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга караган түнү Президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты