Ошто сабалган ким: Асылбек Жээнбековбу же Жапар Ормоновбу?

Ош шаарында бүгүн, 6-октябрда, митингге чогулгандар бир адамды сабап жаткан видео социалдык тармакка тарады. Фейсбук колдонуучулардын бири токмоктолгон киши ЖК депутаты, Президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков десе, экинчилери Ош шаардык Ке-ешинин төрагасы, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Жапар Ормонов деп жатат.

Бүгүн, 6-октябрда, Ош шаарында да парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өттү. Анда Асылбек Жээнбеков жана Жапар Ормонов сөз сүйлөгөн.

Мурда Жапар Ормоновдун сабалганы тууралуу маалымат берилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты