​Жаштар люстрацияны талап кылышууда

  • 4 года мурун

Бүгүн, 6-октябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдында жаштар чогулуп, Координациялык кеңешке аялдар менен жаштар кирбей калганына нааразычылыгын билдиришти.

Чогулган жаштардын атынан сөз сүйлөгөн алып баруучу Эркин Рыскулбеков:

«Биз бийликти, креслону сурабайбыз. Биз бул төңкөрүштү жасаган жаштарга орун берүүнү суранабыз. Татыктуу аялдар, жаштар бар. Бирок Координациялык кеңеште 2005-2010-жылдагы революцияда да жүргөн адамдар кирип алган. Бул кеңеште жаштар менен аялдардын кирүүсүн талап кылабыз«, — деди.

4-октябрда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо болгон. Шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митингдери өткөн.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Ак үйдү басып алышкан.

Өлкөдө укуктук талаага кайтып келиш үчүн координациялык кеңеш түзүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты