Өкмөт мүчөлөрүнүн кайрылуусу

  • 4 года мурун

Өкмөт мүчөлөрү калкка кайрылды.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

-Биз, Кыргыз Республикасынын өкмөт мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын жарандарына туруктуулук жана мыйзамдарды сактоо боюнча кайрылуу менен кайрылабыз.

Биздин милдеттенме:

1) Жөнөкөй жарандардын жашоосу үчүн зарыл болгон экономикалык жана социалдык түзүмдөрдүн жана уюмдардын ишин үзгүлтүксүз колдоо;

2) Экономикалык туруктуулукту сактоо.

Ошондой эле, өлкөбүздүн эгемендүү, демократиялык жана укуктук мамлекет катары эл аралык деңгээлдеги имиджин сактоо биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири.

Биз Кыргызстан эли ишенип берген жоопкерчилигибизди сезип, өз милдетибизди жана ишибизди уланта беребиз”, — деди кайрылууда.

4-октябрда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митингдери өткөн. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Ак үйдү басып алышкан.

Өлкөдө укуктук талаага кайтып келиш үчүн координациялык кеңеш түзүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты