​Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов бошотулду

  • 3 года мурун

Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында камакта отурган Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов бошотулду.

Бүгүн 6-октябрда, саат 12лер чамасында бошотулган. Албек Ибраимов Бишкек шаарына келээри айтылууда.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда Бишкек шаардык соту Албек Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратуу бонюча чечим чыгарган.
Кечээ 5-октябрда башталган шайлоо жыйынтыгына нааразычылык митингинин таасиринде митингчилер Ак үйдү алышкан.

Андан кийинн экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министр Сапар Исаков, экс-депутат Садыр Жапаров, ЖЭБ боюнча соттолгон Жантөрө Сатыбалдиев, Айбек Калиев, Атамбаевдин экс-жансакчысы Канат Сагымбаев, экс-администрация башчысы Фарид Ниязов, мурдагы депутат Мээрбек Мискекнбаев абактан бошотулган.

Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков жана башкалар соттун чечими менен боштулганын адвокат Замир Жоошев билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты