Ош шаардык кеңешинин эки депутаты сабалды

  • 4 года мурун

Ош Шаардык кеңешинин депутаттары Ош шаардык мэрине ишенбечүүлүк боюнча токтомду элге угузганы келип, ур-токмокко алынды.

Трибунадан сөз сүйлөгөн депутаттар мындай токтом кабыл алуунун себебин: “Мэр жакшы иштеген жок жана кечээги шайлоодогу мыйзамсыздыкка жол берди”, — деп түшүндүрүп, токтомдун копиясын көрсөтүшкөн.

Ага ылайык, Ош шаарынын мэри кызматтан убактылуу четтетилгени айтылды.

Депуттатардын бири сөз сүйлөп жатып, өзүн “Кыргызстан” партиясынан экенин айтканда, андан микрофонду тартып алып, тепкиге алышкан.

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлү, шаардык кеңештин спикери Жапар Ормоновду да ортого алып токмокко алышты.

Депутаттар тарапташтарынын коргоосу менен аянттан чыгып кетти. Артынан митингчилердин бир бөлүгү таш көтөрүп депуттардын артынан жөнөшкөн.

Азырынча алардын абалы тууралуу маалымат бериле элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты