Алтынбек Сулайманов: “Биз шайлоону жокко чыгарышыбыз керек”

  • 4 года мурун

“Бор Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, айыл жергесинде спецназдар жүрүп, эл өздөрү каалаган партияга добуш бере албай калгандыгын айтат.

“Акча эле таратылган эмес, ошол аппараттын өзү тескери иштеди. Ал бузулган жок, ага алдын ала атайын программа жүктөлгөн”, – дейт Алтынбек Сулайманов.

Аны менен катар эле башка партиянын өкүлдөрүн мандат берсе кирип кетпей, таза шайлоо үчүн аягына чейин турууга чакырды.

“Биз шайлоонун жокко чыгарышыбыз керек. Таза шайлоо болмоюн, эркин атаандашуу болмоюн алдыга жылуу болбойт. Элдик партиялар утулбаш үчүн эл утулбаш керек” — деп баса белгиледи “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов.

Эске салсак, «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика», “Замандаш” партиялары шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, Абдылас Малдыбаев атындагы атындагы опера жана балет театрынын алдында тарапташтары менен тынчтык митингин өткөрүшүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты