“Ала-Тоо” аянтында пикир келишпестиктер келип чыкты

  • 4 года мурун

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын жана алардын тарапташтарынын нааразылык митинги Ала-Тоо аянтында өтүп жатат.

Митингдин катышуучуларынын арасында пикир келишпестиктер келип чыкты.

Анда “7-апрель баатырлары, Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү аянтта митинг өткөрүүгө болбой турганын айтып жатышат.

Уюмдун төрагасы Усупбий Шеримбаев: “Биз 7-апрелде ушул аянтта кан төккөнбүз. Биздин эстеликтин жанына чогулбасын! Башка жерге барып каршылык митингин уюштурсун. Бул жер биз үчүн ыйык жер”, — деген талап коюшкан.

Аталган уюмдун мүчөлөрүнө “Социал-Демократтар”, “Чоң Казат”, “Реформа”, «Мекен Ынтымагы», «Ыйман Нуру» партиялары каршылык көрсөтүшүүдө.

Ак үйдүн астындагы митингчилер, активисттер ар башка партиянын желегин көтөрбөй мамлекеттин желегин көтөрүүгө бири-бирин үндөшүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты