​Азербайжандын Ганжа шаары ракеталык аткылоого кабылды

  • 4 года мурун

Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабактын башчысы Араик Арутюнян Азербайжандын Ганжа шаарындагы аскердик объектилерди ракеталар менен атууну токтотуу тууралуу буйрук берди.

«Жай тургундардын арасында курмандыктардын алдын алуу үчүн атуулар токтотулду. Бирок каршылаш тарап мындан «жыйынтык чыгарбаса», анда соккулар кайрадан башталат» деп жазды ал Facebook баракчасына.

4-октябрда эртең менен Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрү Тертер жана Горадиз шаарларын аткылаганын билдирген. Өз кезегинде Ереван бул билдирүүлөрдү четке каккан.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабакта куралдуу чатак 27-сентябрдан бери уланууда. Анын айынан эки тараптан ондогон киши каза болду.

БУУ баштаган эл аралык коомчулук расмий Баку менен Ереванды атышууну тезинен токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты