Шайлоочулардын арасынан окшош белгиленген маска кийгендер байкалууда

  • 3 года мурун

Бүгүн 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат.

Шайлоочулар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу ар түрдүү бет кап тагынып шайлоого келишүүдө.

Алардын арасында атайын белгиленген бет кап тагынып жүрүшкөндөрүн да байкоого болот. Мисалы, айрым шайлоочулар ушундай “Stop” деген белгиси бар масканы тагынышууда.

“Реформа” партиясынан талапкер Мирбек Маматкасым фейсбуктагы баракчасына, байкоочулардын байкоосу боюнча бардык шайлоочулар кызыл маркер менен эн белги коюлган маскачан кирип жатышкандыгын, сыртта ошол эни бар маскалар таратылып жаткандыгын жазып чыккан.

Фейсбук колдонуучусу Эльнура Кулуева өзүнүн баракчасына “ Бул кайсы партия?” деп айрым шайлоочулар тагынып, кээ бири жөн гана сумкасына илип алган сүрөттөрдү жарыялаган.

Бул боюнча айрым Фейсбук колдонуучулары “Малга эн салган эмедей эле, добушун саткандарга да окшош маска менен эн салган тура. Алыстан тааныйлы дегенсип…” — деген пикирлерин калтырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты