​Жээнбеков: Добуш берүүнүн жыйынтыгы эч кимдин шек саноосун жаратпашы керек

  • 3 года мурун

Мамлекет башчы Бишкек шаарындагы Молдокулов атындагы № 5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде жайгашкан № 1327 шайлоо участогунда добуш берди.

«Шайлоо өнөктүгү аяктап, добуш берчү күн да келди. Биз шайлоонун адилет өтүшү үчүн баарын жасадык. Бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Бир дагы партияга артыкчылык берилген жок, бир дагы партияга кысым көрсөтүлгөн жок. Жаңы партиялардын шайлоого тең ата катышуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү» деп белгиледи нт Сооронбай Жээнбеков басма сөз өкүлдөрүнө жасаган билдирүүсүндө.

Мамлекеттик телерадио каналдарда партиялардын дебаттары кеңири берилип турганын, саясий көз карашын, программасын, сын пикирин айтуу боюнча эч кандай чектөө болбогонун, ошонун жыйынтыгында, үгүт өнөктүгү курч атаандаштык менен өткөнүн белгиледи

Мамлекет башчы кыргызстандыктарга кайрылып, бүгүн өлкөнүн жакынкы беш жылдыктагы эле тагдыры чечилбестигин айтты.

«Биздин шайлообузга өлкөбүздүн жарандары гана эмес, дүйнө коомчулугу назар салып турат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эч кимдин шек саноосун жаратпашы керек. Биз үчүн коомдун стабилдүүлүгү, элибиздин тынчтыгы — баарынан бийик. Жогорку саясий маданиятыбызды көрсөтөбүз деп үмүттөнөм. Ушул шайлоо — мекенибизге дагы бир, кошумча эл аралык аброй алып келет деп ишенем „, деп жыйынтыктады Президент.

Бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты