​Камактагы Равшан Жээнбековдун мугалимдерге, дарыгерлерге, укук коргоо орган кызматкерлерине кайрылуусу

  • 4 года мурун

Камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков шайлоо алдында мугалимдерге, дарыгерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылды.

-30 жыл бою бардык президенттер тең шайлоо учурунда саясий алдамчылык менен алектенип, өздөрүнүн дежур талапкерлери менен партиялары үчүн өзгөчө ыңгайлуу шарттарды түзүп келишти. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да алардан эч айырмаланбайт, ал өзүнүн бийликчил партиялары “Форма №2” алдамчылыгы менен алектенип жатканын, добуштарды ачык эле жана уятсыздык менен сатып алып жатышканын, силерди, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин – мугалимдерди, дарыгерлерди жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин пайдалануу менен административдик ресурсту колдонуп жатышканын билбейт экен.

Бийликчил партиялар көз каранды бюджетчилердин аярлуу абалын пайдалануу менен, аларга чындыкты ачык айткандарды көзөмөл астындагы кесиптик кошуундар аркылуу коркутуп, куугунтукка алууда. Бир дагы бийликчил партия өлкөбүз үчүн маанилүү маселелерди чечкен жок. Кыргызстан эң жакыр жана артта калган өлкө, а бийлик коррупциялашкан жана натыйжасыз бойдон калып келет.

Үч жылдык башкаруусунда Сооронбай Жээнбеков менен анын жакындары өлкөнү чылгый социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык кризиске дагы терең батырышты. Эл аралык каржы институттарынан жана донорлордон ушул жылы алынган 700-800 млн доллар коротулуп, желип жок болду. Өлкө бюджети бош, бирок Сооронбай Жээнбеков менен анын командасы мамлекеттик карызды 5 млрд долларга чейин жеткиришти.

Бийлик силерди татыктуу жумуш шарты жана маяна менен камсыздай алган жок жана камсыздай да албайт, анын ордуна өлкөдө болуп жаткан бетпактык жөнүндө ачык айткандарды куугунтуктоо менен алек. Силер баарыңар тең Сооронбай Жээнбеков жана анын бийликчил партиялары өлкөнү башкарууга жөндөмсүз экенин, силер эңсегендей келечекти кура албасын жана саясий кудуретсиз абалда экенин көөдөнүңөр менен сезип турганыңарга ишенем. Бийлик болгону убакытты созууда.

Силерге мамлекеттик башкарууда жана оппозицияда 20 жылдык тажрыйбасы бар жаран жана саясатчы катары бийликтин саясий алдамчылыгынын куралы жана бөлүгү болбоо чакырыгы менен кайрылам. Кимди татыктуу жана көз карандысыз деп эсептесеңер, ошого добушуңарды бергиле, “чоң шефтерге” кызмат көрсөтпөгүлө.

Силер өзүңөр, жакындарыңар үчүн, жаңы, демократиялык Кыргызстан үчүн көп нерсени чечип коё аласыңар, -деп кайрылды Равшан Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.

Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты