​Жээнбеков: Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла!

  • 3 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды.

-Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек, -деди мамлекет башчы.

Андан ары Президент мыйзам базасына токтолуп кетти:

-Мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталды.Шайлоо эрежелери саясий партияларга, шайлоочуларга алдын ала белгилүү болду.

Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормаларды киргиздик, -деп белгиледию

Ошондой эле саясий партияларга кайрылып мындай деди:

-Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла!

Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот.

“Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз., -деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты