​Президент кыргызстандыктарды карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

  • 3 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды карылардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

-Биз кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келе жаткан элбиз.

Мындан ары да калкыбыздын ушул нускалуу каада-салтын, элибиздин өрнөктүү жөрөлгөсүн, улуттук ар-намысыбыздын өзөгүн бекем сактоого милдеттүүбүз.

Бир гана ушул күнү эмес, ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт.

Көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган улуулардын терең акылы, көсөмдүгү жаштарыбыз үчүн көөнөрбөс сабак болууда.

Элибиздин руханий казынасын, асыл сапаттарын, маданий байлыгын көөнөртпөй сактап, жаш муундарга жеткирип жатканыңыздар үчүн терең ыраазылык билдирем!

Сиздерге чың ден соолук, бактылуу жашоо, дөөлөттүү карылык каалайм.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты