Шайлоо – 2020: “Форма №2” системасын жокко чыгаруу керекпи? (ВИДЕО)

Дээрлик жарым миллиондой шайлоочу өз добушун “башка участокто берем” дегени коомчулук арасында шайлоонун легитимдүү өтүшүнө күмөн жараткан суроолорду пайда кылды.

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө мына ушул “Форма №2 системасын жокко чыгаруу керекпи” деген теманын айланасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова менен маектештик.



“Форма-2” системасы аркылуу адамдар абдан көп катталган

Биз, Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлдан 19-сентябрга чейин шайлоочулардын тизмеси менен иштедик. Сентябрь айында “ “Форма-2” ге байланыштуу манипуляциялар жүрүп жатат. Участкалык шайлоо комиссиялары арыздарды албай, элдерди тизмеге киргизбей жатат” деген маалымат таркаган.

Мен ошол маалыматтын негизинде Бишкек шаары менен Чүй облусунун тегерегиндеги он беш участокту текшергем. Чындап эле “Форма-2” менен мыйзамсыз иш аракеттер болуп жаткандыгын сандык көрсөткүчтөрдөн байкадым.

Мисалы, кээ бир шайлоо участкаларына “Форма-2” менен бир күндө 80-90 адам катталса, башка күндөрү эч ким жок. Айрым участкаларда бир күндө 200-250гө жакын адам “Форма-2” аркылуу каттоодон өтүшкөн.

Мен БШКнын мүчөлөрүнө “Бул чоң көйгөй! Шайлоонун жыйынтыктары элдин ишенбестигине алып барышы мүмкүн” деп айткам. Себеби, “Форма-2” системасы аркылуу адамдар абдан көп катталган.

Эгер кайсы бир саясий партия же административдик ресурстар тарабынан уюштурулган болсо, анда ошол тараптын гана добуштарын берип коет. Ал эми берки жөнөкөй добуш берген шайлоочулар добуш берген укугуна ээ болбой калат.

Биздин шайлоочуларыбыздын расмий саны үч жарым миллион болсо, 7 пайыздык босогодон өтүш үчүн партия 150-160 миң добуш алыш керек. Шайлоочулар 100 пайыз шайлоого катышса.

Бирок, шайлоочулар 100 пайыз шайлоого катышпайт. Шайлоочулардын 70-80 пайызы шайлоого катышса, бир партия Жогорку Кеңешке өтүш үчүн 120-130 миң добуш алыш керек.

Ошондо, 500 миң “Форма-2” менен үч, төрт партиянын парламентке өтүшүнө кепилдик бар. Бул чоң көйгөй. Мен бул маселени укук коргоо органдарына айтып эле атам. Алар “мыйзам боюнча шайлоо процесстерине кийлигише албайбыз” — дейт.

Ооба, мыйзам боюнча укук коргоо органдары шайлоо процессин өткөрүү иш аракеттерине катыша албайт. Бир гана “БШКнын төрайымы же кайсы бир кызмат адамдары кылмыш кылып аткан жеринен кармалбаса” — деп жазылып турат. Башкы прокуратура ушул маалыматтарды кылмыш болгонго чейин алдын-ала текшерип, чара көрүш керек. Тилекке каршы, эч кандай чара көрбөй атышат.


“Укук коргоо органдары көрмөксөн”

Участкалык шайлоо комиссиясы баарын жапырт “Форма-2” менен тизмеге киргизбеш керек болчу. Мыйзам боюнча, ар бир “Форма-2”ни алгандан кийин жети күндүк мөөнөттө шайлоо участкасы ошол арызды канааттандыруу же канааттандырбоо боюнча чечим чыгарышы керек эле.

УШК укук коргоо органдары менен биргеликте көзөмөлдөгөндө, “Форма-2” менен катталган шайлоочулардын саны азаймак. Кээ бирлер БШКдан “Форма-2” ни “баарынан алгыла деген буюртма келген” — деп айтышат.

Кандай болгон күндө да БШК төмөндө турган шайлоо участкаларынын чечимин жокко чыгарганга мыйзам боюнча толук кандуу укугу бар.

Кандайдыр бир добуштарды сатып алуу, же административдик ресурстун аркасы менен келип “Форма-2” менен катталган шайлоочулардын каттоосун жокко чыгаруу БШКнын колунда.

Азыр укук коргоо органдарыныкы да, БШКныкы дагы “эч нерсе кылгыбыз келбейт” — деген позиция болуп калды. Укук коргоо органдары жашынып алды, БШК эч нерсе көрмөксөн болуп атат.


“Партиялардын ич ара сүйлөшүүлөрү ушундай оюндарга алып келүүдө”

Саясий партиялар ар бир талапкерине “Сен ушул участкадан 3000-5000 добуш алып келсең, партиянын тизмесинен жогору жылдырабыз. Ким алып келе албаса, ал тизмеден чыгып кетет” — деп сунуш киргизишкен. Партиялардын ич ара ушундай сүйлөшүүлөрү азыркыдай оюндарга алып келди.

Бул жерден административдик ресурс да чоң роль ойнойт. Тилекке каршы, ар бир айыл өкмөтү же жергиликтүү бийликтин өкүлү ошол жерде жакшы иштеп өзүнүн ишинин жакшы жыйынтыгын көрсөткүсү келип мугалимдерди же кол алдында иштегендерди каттаттырып добуш алып бергенге аракет кылышууда.

Эмне себептен УКМК топ-топ болуп шайлоого “Форма-2” менен катталуу үчүн келип аткан адамдарды бир заматта токтотуп койгон жок.

Башында Бишкек шаары боюнча 150 миңге жакын адам “Форма-2” менен катталып атса, алар болгону 139 арыздын негизинде төрт ишти карап атыптыр. Муну салыштыруунун өзү уят.

БШК биздин шайлоочулардын конституциялык укугун сактоо максатында добуш берүү процессинде добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланбашы үчүн так, катуу позициясын билдиргенде, бардык саясий партиялар “БШКнын позициясы бекем, мыйзамды сактап беришет” — деп ар кандай мыйзам бузууларды токтотушмак. Тилекке каршы, андай болбой атпайбы.


“Шайлоочулар партиялардын өзүн “товар” кылып алышкан”

Мурун шайлоочуларды партиялар сатып алып товар кылып келишсе, азыр шайлоочулар партиялардын өзүн товар кылып алышкан.

“Форма-2” менен катталган 500 миң шайлоочунун 10 миңден ашыгы ар кайсы партиядан биртке каражат алып, 2-3 шайлоо участкасына каттоого туруп, 2-3 күндөн кийин кайра өзүнүн шайлоо участкасына катталган адамдар да бар экен.

Андан сырткары, мен бул суроону иликтеп атып БШК кетирген дагы бир мыйзам бузууну таптым. Жазында биз шайлоого даярдык катары участкалык шайлоо комиссияларынын чектирин бекитебиз.

Ар бир участтокто орточо эсеп менен шайлоочулардын саны болуш керек. Тилекке каршы, Бишкек шаарында отуздан ашык участток бош бекитилип калган.


“ “Форма-2” элди коркутуп, добуш сатып алуу процесси болуп калды”

Мурунку шайлоодогу “Форма-2” менен салыштыруу, бул — бизди “мурунку шайлоолордо деле болгон, эми деле боло берет” — деген сыяктуу көндүрүү процесси.

Менин пикиримде, салыштырган болбойт. Ушул “Форма-2” киргизилген күндөн баштап сыртта жүргөн мигранттарыбыздын укугун кеңейтүү максатында эмес, тескерисинче, Кыргызстандын ичинде колдонуу менен добуш берүүлөр бурмаланып атат. “Форма-2” элди коркутуп, добуш сатып алуу процесси болуп калды.

“Форма-2” менен тышкы мигранттардын шайлоого катышуусуна жардам берип, жакынкы участкада каттоосу бар ички мигранттарды кайра ордуна которушубуз керек. Мисалы, Нарын шаарына Нарындын айылдарынан келип катталгандар бар экен. Эми, ал жакынкы эле жер да.

Чоң-Арыкта бир участкада 1400-1800 шайлоочу катталса, жакынкы участкада 40 шайлоочу. Демек, бул “ошол бош участкаларды алдын ала “Форма-2” менен толтуруп алсаңар болот” деген сөз да.

Ош боюнча дагы он кошумча шайлоо участкасы ачылды. Мен буга да каршы болгом. Кошумча участок ачылганы бул — бизге башында жалган маалымат же такталбаган маалымат берилгендигин айгинелеп атпайбы. Ошончо адамды же чектерди унутуп коюш болбойт да. Добуш берүүгө бир аз калганда адамдардын саны кескин өсүп кетти деген чындыкка дал келбеген нерсе.


“Саясий тирешүүлөрдүн булагы биз болбошубуз керек”

Добуш берүү процесси бүткөндөн кийин утулган партиялар сөзсүз түрдө муну көтөрүп чыгып, шайлоонун жыйынтыктарына ишенбестиктерин айтып чыгышат.

Кандайдыр бир саясий тирешүүлөрдүн, мамлекеттин ичиндеги коогалаңдын булагы биз болбошубуз керек. Ал үчүн алдын ала иштерди жасашыбыз керек эле.

Тилекке каршы, Форма-2 менен катталгандар көп болуп атат. Бир жуманын ичинде бул масени жөнгө салууга жетишмекпиз. Бирок, чара көргөнгө эч кимдин деле ниети жок.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты