​Баку менен Ереван Карабактагы абалдын курчуп кетишине бири-бирин айыптоодо

  • 3 года мурун

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабактагы абалдын курчуп кетишине бири-бирин айыпташууда.

Баку чабуулду армян армиясы баштап, аны азери аскерлери токтотконун билдирүүдө. Өз кезегинде Ереван армян жоокерлери каршылаш тараптын чабуулунун мизин кайтарганын айтты. Мындан тышкары аймакта кыйратуу радиусу кеңири курал колдонууга кудурети жете турганын эскертти.

Армения Гардут шаарына жасалган соккудан бир жай тургун каза болуп, дагы үч киши жаракат алганын кабарлады. Тоолуу Карабак бийлигинин маалыматына караганда, жаңжал башталган эки күндүн ичинде 84 жоокер курман болду. Азербайжандын Коргоо министрлиги кагылышуунун жүрүшүндө азери тараптан он киши каза тапканнын ырастады.

Эки өлкөдө тең аскердик абал жарыяланып, мобилизация башталды. Армениянын өкмөтү өлкөдөн 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектердин чыгуусуна чектөө киргизди.

Абал курчуп турган чакта азери бийлиги өлкөдө популярдуу социалдык түйүндөр менен мессенжерлерге бөгөт койду. Азербайжандын Байланыш министрлиги мындай чектөөлөр Армения тараптан жасала турган ыктымал чагымдын алдын алууга жардам бере турганын билдирди. Ушу тапта Азербайжанда социалдык түйүндөр менен мессенджерлерге VPN аркылуу кирүүгө мүмкүн болуп жатканы кабарланууда.

Азербайжан менен Армения 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келатат. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

Аймактагы абалды тынчтык жол менен чечүүдөгү ортомчу өлкөлөр, анын ичинде АКШ менен Орусия тараптарды атышууну токтотууга чакырышты. Ушундай эле чакырык менен Бакуга жана Ереванга Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш да кайрылды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты