Байкоочулар №2 форма менен шайлоочулардын көптүгүнө тынчсызданууда

  • 3 года мурун

“Жалпы иш” коомдук фондунун көз карандысыз байкоочулары биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын жаңы шайлоо дареги боюнча (форма №2) добуш берүүгө арыздарынын көптүгүнө тынчсызданып жатышат. Бул тууралуу фонддун парламенттик шайлоо 2020 — КР ЖК шайлоолорго байкоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлгөн биринчи алдын-ала отчетунда айтылган.

“Жалпы иш” коомдук фондунун байкоочулары шайлоо өнөктүгү тынч өткөнүн, бирок зордук-зомбулуктун башталышы, административдик ресурстардын колдонулушу, паракорчулук жана форма №2 боюнча массалык каттоолор менен коштолгон окуялар менен бузулгандыгын айтышат.

Байкоочулардын айтымында, кыска убакыттын ичинде шайлоо босогосунан өтүү үчүн айрым саясий партиялар шайлоочуларды системалуу ташууну уюштурушту, бул саясий партиялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн теңсиздигин күчөтүп, шайлоо тутумуна болгон ишенимди төмөндөтүп жатат. 27-сентябрга карата берилген арыздардын саны 496 239 болду. Арыздардын санынын мындай көбөйүшүнө эмне себеп болгону белгисиз. “Жалпы иш” коомдук фонду буга чейин бул маселени иликтөө өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган.

Алдын-ала отчетко ылайык, пандемия (COVID 19) шайлоого даярдануу процессине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди, бул БШКнын уюштурулушуна жана шайлоого даярдыктын жалпы жүрүшүнө таасирин тийгизди жана бардык катышуучулар жаңы жагдайларга көнүүгө аргасыз болду.

Шайлоо мыйзамдарына токтолсок, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам бир катар тармактарда жарандардын шайлоо укуктарын жакшыраак коргоого мүмкүндүк берди. Бирок, ашыкча процедуралык жөнгө салуудан улам, шайлоо укуктарынын айрым ченемдерин коргоо экинчи планга сүрүлүп ташталды, мисалы, коомдук байкоочулардын укуктары, шайлоо босогосунун өлчөмү жана күрөө, үгүт иштерине байланыштуу маселелер.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык

уюмдардын жетекчилери тарабынан административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликти караган Жоруктар жонундо кодексине акыркы өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан оң тенденциялар бар экендигин белгилей кетүү керек.

Ошондой эле, бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, анда шайлоочунун материалдык сыйлык алуу үчүн жоопкерчилиги каралды.

Коомдук фонд, коммерциялык эмес уюм катары, шайлоо өнөктүгү башталгандан бери, өз алдынча жана өкүлдөрү аркылуу аймактык шайлоо комиссияларына шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө 20дан ашуун арыз жана билдирүү жазды. Алардын кароосунан кийин УШКнын айрым мүчөлөрүнө эскертүү берилди.

№2 форма менен шайлоого байланыштуу «ПолитКлиника» медиасынын Сереп» берүүсүнүн материалынан да таанышсахыздар болот.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Сүрөт: «Жалпы иш» коомдук фонду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты