​Баткен облусунда бир катар чектөөлөр киргизилди

  • 4 года мурун

Баткен облусунун аймагында эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыктан, облустук штабдын чечими менен бир катар чектөөлөр киргизилди.

28-сентябрдан тарта облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттордун каттамы, мал базардын иши убактылуу токтотулду.

Мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулду. Катуу көзөмөлдөгү беткап режими киргизилди.

Баткен облусунун аймагына чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан жана Тажикстан жарандарын н ПЦР-анализинин жыйынтыгы менен киргизүү чечими кабыл алынды.

Коомдук жайларла санитардык талаптардын аткарылышы боюнча рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү милдеттендирилди.

Ошондой эле шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүдө, партиялардын санитардык эрежелерди, маска режимин, социалдык аралыкты сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Беткен облусунда кийинки кездери эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыгы байкалууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты