БШК Аравандагы мушташтан кийин эки талапкерди шайлоодон четтетти

  • 4 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрдагы жыйында Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу “Биримдик” партиясынын талапкери Шүкүрулло Файзуллаев менен “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери Илхом Маннановду шайлоодон четтетти.

БШКнын чечимин анын мүчөлөрү бир добуштан колдошту.

Аталган партиялардын жоопкерчилигин кароо сунушу колдоо тапкан жок.

20-сентябрда Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Маннановдун үгүтү учурунда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алып, ооруканага түшкөн. Милиция алты кишини кармап, сотко чейинки териштирүү баштап, жаңжалдын чоо-жайын иликтеп жатат.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, 20-сентябрда партиянын талапкери Ильхом Маннанов Араван районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жатканда чагымчыл топ жыйынды үзгүлтүккө учуратып, чатак чыгарган.

Ал эми «Биримдик» партиясы бул окуя боюнча билдирүүсүндө чагым салгандар мыйзам алдында жооп бериши керек экенин белгилеген.

Райондук сот Аравандагы мушташка шектүү катары төрт жарандын бөгөт чарасын 23-сентябрда карап, аларды эки айга тергөө абагына камакка алды.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты