​Элчи Николя Бруссо: Канада жана Борбор Азиянын ортосунда көптөгөн окшоштуктар бар

КанаданынКазакстандагы, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы элчиси Николя Бруссо CABAR.asia аналитикалык порталына берген интервьюсунда ) аймактагы өлкөлөр менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, Борбор Азия менен Канаданын окшоштуктары жана бүгүнкү күндөрдүн чакырыктарына каршы туруу үчүн эмне себептен инклюзивдүүлүк жана көп түрдүүлүктүн зарылдыгы керектиги жөнүндө айтып берди.

Посол Канады Николя Бруссо

CABAR.asia: Урматтуу элчи мырза, сиз биздинрегионубуздагы үч өлкөдө Канаданын өкүлүсүз. Борбор Азиянын сизге тийгизген таасири, бул өлкөлөр жөнүндө айтып берсеңиз. Канада менен эмнеси окшош жана кандай айырмачылыгы бар?

Быйыл менин Казакстандагы, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы элчилик кызматында үчүнчү жыл иштешим. Бирок мен дагы деле үч мамлекеттин, алардын элинин сулуулугуна дагы да суктанып келем. Албетте, бул мамлекеттердин өзүнүн уникалдуу саясий жана экономикалык системалары бар, булардын баарын элинин ачыктыгы жана берешендиги, айтылуу меймандостугу, бекем үй-бүлөлүк мамилеси жана мыкты ишкердик духу бириктирип турат.

Канада жер шарынын башка бөлүгүндө жайгашкандыгына карабастан, бул регион менен көп жалпылыктарга ээ. Канада жана Казакстанын аба-ырайы, жеринин кенендиги менен окшош, эки мамлекет дагы бай жаратылыш ресурстарга ээ. Казакстанда улуу талаа келберсисе Канадада –улуу түзөң жатат. Кыргызстан жана Канадада көркөмү көз суктандырган айлана-чөйрө жана улуу тоолордон бөлөк – сөз эркиндиги жана демократияга окшогон көптөгөн баалуулуктарбар. Тажикстан болсо мен өскөн Квебек провинциясындай эле ири гидроресурстарга – жашыл экономиканын кыймылдаткычына ээ. Ошондой эле биздин өлкөлөрдү дамдуу тамак-ашка сүйүү бириктирет.Мен жакын арада Канадада борборазиялык гастрономиялык революция болот деп эсептейм.

Канаданын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуусунда кандай артыкчылыктуу багыттары бар? Борбор Азия өлкөлөрүнө карата кандайдыр бир стратегия, саясат барбы?

БизБорбор Азия өлкөлөрүндө Канададай эле алты ири тематикалык артыкчылыктарга багыт алабыз:

1) Тынчтык, адамдын коопсуздугу жана укуктары;

2) Лидерлик жана демократиялуу катышуу;

3) Экономикалык өнүгүү жана гүлдөө, өркүндөө;

4) Жакырчылыкты жоюу, ден соолукту жана жыргалчылыкты колдоо;

5) Гендердик шартталган зордук-зомбулукка каршы күрөшүү жана укуктуулукка жеткиликтүүлүктү камсыздоо;

6) Билим берүү жана өнүгүү.

Бул максаттарды жетекчиликке алуу менен биз аймакта кызматташуу үчүн чоң потенциалды көрүүдөбүз, мунун ичине аба-ырайынын өзгөрүү көйгөйү жана трансчек-аралык сууларды башкаруу,демократиялык институттарды бекемдөө жана менен өзөктүк согушту жайылтпоо, Казакстан менен биргеликте химиялык, биологиялык, радиологиялык жана өзөктүк коопсуздукту сүрөмөлөө кирет.

Канада укуктун, тынчтыктын жана коопсуздуктун, өнүгүүнүн, демократиялык баалуулуктардын принцибине негизделген эл аралык тартипти бекемдөө боюнча биздин жалпы эл аралык максаттарды илгерилетүү үчүн тышкы феминисттик саясатты ишке ашырат.

Мындай кадам Канаданы тышкы саясатта гендердик теңчилик жана аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүнкеңейтүүдөгү эң башкы орунга коёт. Канада дүйнө жүзүндөгү тынчтыкка жана коопсуздукка, ошондой эле экономикалык гүлдөөгө жетишүү үчүн аял менен эркектин ортосундагы теңсиздикти жана басынтуунун башка формаларын жок кылуу керектигине айрыкча көңүл буруш керектигине ишенет.Аны үчүн дискриминациялык социалдык, саясий, укуктук жана экономикалык системаларды жана структураларды ырааттуулук жолу менен коюу зарыл. Мындай аракет бардык адамдар тең укуктарды пайдаланышы керектигин жана ийгиликке жетүү үчүн тең мүмкүнчүлүккө ээ болуу ишенимин чагылдырат.

Канада жана Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен эки тараптуу кызматташуудагы перспективаны кандай баалайсыз? Бул өлкөлөрдөгү ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө айта кетсеңиз.

Канада – көп тараптуу мамилелерди жактайт. Кайсы мамлекет болбосун, анын көлөмү канчалык чоң жана күчтүү болбосун бүгүнкү дүйнөдөгү татаал көйгөйлөрдү жалгыздап чече албайт деп бекем ишенебиз. Биз Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен көп багыттар боюнча иштешебиз. Биздин саясий жана коммерциялык мамилебизди тереңдетүү жана байытуу үчүн үч мамлекеттеги көптөгөн өнөктөштөр менен такай иш жүргүзөбүз.

Эки тараптуу кызматташуунун перспективаларын карап отуруп, мен Борбор Азия өлкөлөрү менен Канаданын өкүлдөрүнүн эң жогорку деңгээлдеги жолугушууларынын санынын көбөйгөнүн байкап сүйүндүм. Мына ошондой жолугушуунун бирине бул жылдын февраль айындагы Мюнхенде өткөн конференцияда премьер-министр Трюдо менен президент Токаевдин жолугушуусу болуп эсептелет. 2018-жылы генерал-губернатор Жюли Пейетт Казакстанга барып, биринчи президент Назарбаев жана учурдагы президент Токаев Сенаттын спикери болуп турган учурда жолугушкан. Тышкы иштер министри Шампань аймактагы өзүнүн бардык коллегалары менен катташып турат жана пандемиянын мизи кайтканда алар менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүүдө.

Биз Казакстан менен приоритеттердин кеңири спектрин камтыйбыз. Ага өзөктүк жайылтууну ооздуктоо, укуктун үстөмдүүлүгүнө негизделген эл аралык тартип, ошондой эле химиялык, биологиялык, радиологиялык жана өзөктүк (ХБРӨ) коопсуздук кирет. Канада жана Казакстан бул приоритеттүү маселелер боюнча кызматташуу тажрыйбасына ээ. Алсак, Семей шаарындагыичине радионуклеиддик мониторинг станциясын камсыздоо боюнча кызматташуу өзөктүк сыноолорго жалпы тыюу салуу жөнүндө Келишим боюнча Оюмдун глобалдык мониторинг тармагына бараандуу салым кошот.

Кыргыз Республикасын айтсам, биз реформаларды колдойбуз, бардык региондогу демократияны бекемдөөчү парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча аракеттерди чечкиндүү колдойбуз.Канада Кыргыз Республикасындагы эл аралык жана регионалдык программаларды, анын ичинде СПИД, кургак учук жана малярия менен күрөшүү үчүн Глобалдык фондун финансылык жактан колдогон, өлкөдөгү саламаттыктын негизги көрсөткүчтөрүн жакшыртууга багытталган Ага Хан Фондунун саламаттыкты сактоо жана билим берүүдөгү масштабдуу программасын каржылаган.Канада Кыргыз РеспубликасындаЮНЕСКОнун билим берүүнү мониторинг программасына көмөктөшкөн, республикада жайгашкан жана өлкөнүн ар кайсы регионунда кампустары бар Борбор Азия Университетинин өнүгүүсүнө салымын кошкон.

Биз КанаданынЖергиликтүү демилгелер фонду (CFLI) аркылуу Тажикстандагы калктын эң жакыр катмарларынын жашоосун жакшыртуунун үстүндө иш алып барган жергиликтүү жарандык уюмдарга активдүү колдоо көрсөтүүдөбүз. Бардык үч мамлекетте тең Канада көп эмес, бирок катализатордук колдоо көрсөтүп, адамдар жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы байланыштыбекемдөө менен жергиликтүү деңгээлде өз ара жардамдашуу системасын өнүктүрүүгө шарт түзүп жатат. Бул уюмдар жергиликтүү керектөөлөрдү жана артыкчылыктарды ичинен билет жана аларга тез реакция кыла алат. Долбоорлор жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктарды аныктоодогу жеке жөндөмүн бекемдөө жана чечимдерди табуу аркылуу гүлдөөсүнө жана өнүгүүсүнө басым жасайт.

Канаданын бизнеси жана инвестициялары региондун үч өлкөсүндө барбы? Эгер болсокайсы тармактарда? Биздин өлкөлөр менен соода-сатыктын көлөмү канча?

Канаданын экономикасы Казакстандын, Кыргыз жана Тажик Республикасындагы негизги экономикалык факторлорго окшоштугу бар. Биз ири жаратылыш ресурстарына ээбиз: гидроэнергетика, айыл-чарбачылыктагы байлык, кен байлыктар, нефть жана газ. Мына ушул көптөгөн тармактарга байланыштуубиздин ишканалар иштешип жатышат жана кызматташууну кеңейтүүдө. Ал гана эмес, биз ошол салттуу спектрлерден башкаички жана тышкы жаңы спектрлерди көрүүдөбүз, ага экологиялык таза технологиялар, айыл-чарба үчүн информациялык жана коммуникациялык технологиялар, пайдалуу кендерди казуу жана киберкоопсуздук кирет.

Биз Казакстан менен жакшы коммерциялык мамиледебиз.Пандемия албетте, бул жылы абдан таасир берет, бирок 2019-жылы биздин Казакстан менен эки тараптуу соода-сатык 614 миллион долларды түзгөн, бул 2018-жылкыга караганда 17%га көп. Канададан Казакстанга тикелей чет элдик инвестициянын көлөмү 2018-жылы 2,7 миллиард долларды түзгөн, бул 2017-жылга салыштырмалуу 1,4 миллиард долларды түзүп, эки эсеге жететүшкөн. Ал эми Кыргызстан жана Тажикстан менен коммерциялык мамиле азыр өнүгүү жолунда, биз жазыл энергетика жана суу ресурстарын башкаруу тармагындагы кызматташуу үчүн потенциал бар экендигин көрүүдөбүз.

Канада менен Борбор Азия өлкөлөрү (же ар өлкө менен жекече) иштиктүү кызматташууну бекемдөө үчүн кандай маселелер абдан маанилүү?

Канаданын ишкердиги процесстердин ачыктыгы жана адилеттүү конкуренциянын шартында өнүгүүдө. Так жана ырааттуу укуктук стандарттары бар туруктуу бизнес-чөйрө, жеке менчикти, анын ичинде интеллектуалдык менчикти коргоо жана бирдей атаандаштык шарттарды түзүү – канадалык компаниялар мына ушуларга умтулушууда.

Мен Казакстанда инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Америка соода палатасы жөнгө салып турган премьер-министрдин Кеңешинин айына бир өтүүчү отурумуна катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээмин, бул жерде ал маселелер үзгүлтүксүз негизде талкууланып турат.Эл аралык финансылык борборду ишке киргизүү, жумушчу күчтөрдүн ыкчамдыгына карата айкындык, салык системасынын киберкоопсуздугу, туруктуулугу жана алдын ала болжолдуулугу боюнча чаралар, сот системасынын көз карандысыздыгы жана укуктун үстөмдүгүн урматтоо – мунун баары Канада менен коммерциялык байланышты бекемдөөгө жана инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Биз Канаданын соода-сатыгын жана инвестициясын кеңейтүүгө жана диверсификациялоого, ошондой эле динамикалуу рыноктор анын ичинде Борбор Азиядагы рыноктор мененбайланышты бекемдөөгө ыкылас коюудабыз. Чоң көлөмдөгү соода-сатык жана инвестиция деген чоң экономикалык өсүүнү жана бардык катышуучулар үчүн жакшы акы төлөнүүчү жумушчу орун дегенди туюнтат.

Канада өзүнүн мульти маданияттуулугу менен билгилүү. Бул кантип башталган? Борбор Азия Канададан эмнени үйрөнө алат?

Ар бир өлкө өзүнүн маданий көп түрдүүлүк тарыхына ээ жана инклюзивдүүлүккө өзүнүн кайталангыс жолу менен барат. Канада өзүнүн басып өткөн татаал жолуна карабастан өлкөсүнүн жашоо-турмушуна ар бир адам толук катышсын деп умтулат, жалпы экономикалык жыргалчылыкка, социалдык гармонияга жана маданий жашоо жөндөмдүүлүккөжетүүдө ар бир адамдын салымы олуттуу экендигин эске алат.

Канада 150 жыл бою көз карандысыз, туруктуу, үзгүлтүксүз демократиялуу мамлекет катары өмүр сүрүп келет. Бирок бүгүнкү дүйнө жүзү билген плюралисттик Канада 50 жыл мурда гана пайда болгон.Биздеги бүгүн белгилүү болгон эки тилдүүлүк жана мульти маданияттуулук сыяктуу көптөгөн саясий чараларыбыз атайынжайылтылган.

Канада тарыхый жактан көп кырдуу жана ынтымактуу мамлекет болгондугуна карабастан, биздин тарыхта да ассимиляциялоонун жана тең укуксуздуктун күүгүмдүү главалары да бар. Ошол көйгөйлөрдүн алдында жергиликтүү элдердин, француз тилдүү канадалыктардын жана этно маданий азчылыктын туруктуу болуусу биздин акыркы элүү жылдагы бир топ инклюзивдүүсаясатты калыптандырды.

Биз көп түрдүүлүк – чыгармачылыктын, туруктуулуктун жана күч-кубаттын булагы деген жыйынтыкка келдик. Канаданын көп түрдүүлүгү бизди бардык жактан бай кылууда.

Инклюзивдүүлүк — бул туура жана акыл-ске салынган кадам, бирок бул дайыма эле оңой боло бербейт.

Инклюзивдүүлүктүн экономикалык, социалдык, маданий жана демократиялык артыкчылыктарын жарандардын жана өкмөттүн колдоосунда гана ишке ашырууга болот.

Социалдык теңсиздик бардыгыбызды кемсинтет. Калктын аялуу катмары оор турмуш кечиришет жана өзүнүн потенциалын ишке ашырыша алышпайт. Алар экономикалык, социалдык, маданий, жарандык жана саясий турмушка толук жана акыл-эстүүлүк менен катышканда гана коом көп артыкчылыктарга ээ болот. Алардын өзгөчөлүгү жана катышуусу инновацияларга мүмкүнчүлүк берет, гүлдөгөн, туруктуу, саламаттыктагы жана коопсуз жамааттарды курууга жардам берет.

Инклюзивдүүлүккө жетүү оңой эмес. Жаңы чечимдер талап кылынат. Бардык суроолорго эч кимде жооп жок жана туураганга идеалдуу модель да жок. Канада башкалардан үйрөнгөнгө умтулат жана бардык жакта инклюзивдүүлүктү сүрөмөлөө менен маданий көп түрдүүлүктү урматтоонун үстүндө иштегендер менен кызматташууну каалайт.

Канада COVID-19 пандемиясы менен кантип күрөшүүдө? Канаданын элчилигинин ишмердүүлүгү пандемия маалында өзгөрдүбү? Борбор Азиядагы канадалыктар кыйналышкан жокпу?

Акыркы бир нече жылдарда дүйнөдөгү окуялар бир нече кризисти камтыды, биз ошолордун ичинен эң коркунучтуусу – бул COVID-19 пандемиясы күчөгөн мезгилинде турабыз. Элчилик ачык эле калууда, бирок биз албетте, COVID-19 оорусуна каршылык кылганга ыңгайлаштык. Аралыкта иштөөдөбүз жана ишмердигибиздин чоң бөлүгүн онлайн-режимге өткөргөнбүз.

Борбор Азиядагы канадалыктар дүйнө жүзүнүн адамдарындай эле ден соолугу жана коопсуздугу үчүн кабатыр болушууда. Канаданын элчилиги кабыл алуучу өлкөлөрдөгү биздин коллегалар жана элчилердин кеңири жамааты менен биргеликте оор кырдаалда калган канадалыктардын тобокелчиликтерин азайтуу жана үйгө кайтуусу үчүн көп иштештик. Бул иш азыр да уланып жатат. Мен Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан Республикаларынын өкмөттөрүн канадалыктарды репатриациялоого жардам бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Канаданын Өкмөтү канадалыктардын жана дүйнөлүк коомчулуктун ден соолугун жана коопсуздугун коргоо үчүн 25 миллиарддан ашык канадалык доллар бөлөт. Эл аралык деңгээлде биз биздин өнөктөштөр, анын ичинде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен тыгыз иштешебиз. Ушул жылдын 17-июлуна карата биз эл аралык өнөктөштөрдү колдоо иретинде 443 канадалык доллар бөлдүк. Бул өзүнө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун коронавируска байланышкан окуяларга мамлекеттерди даярдоо ниетин камтыйт. Биз Канаданын Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан Республикаларына COVID-19 менен күрөшүүсү үчүн250 000 канада долларын бөлүп бергендиги үчүн сыймыктанабыз.

Ал гана эмес, COVID-19 оорусун медициналык изилдөө жана вакцинаны иштеп чыгуу үчүн Канада 1 миллиард канадалык долларды бөлгөн. Биз изилдөө иштерин тездетүү үчүн маалыматтарды бөлүшүү, илимий тажрыйба жана лидерлик боюнча башка мамлекеттер менен биргеликте Чоң Жетиликке (G7) бириктик.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты