Шайлоо-2020: Капчыгы калың жана жука партиялар (Инфографика)

Борбордук шайлоо комиссиясынын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 18-сентябрына карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.

Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери саясий партиялардын эсебине жалпысынан 526 млн 982 миң 770сом келип түштү жана

504 млн 787миң 608 сом чыгымдалды.

Кайсы саясий партияга канча сом келип түшкөндүгү жана чыгымдалганыдыгы тууралуу төмөндө таанышыңыз. (Инфографика)

Белгилеп кетсек, «Мекеним Кыргызстан» партиясы нын эсебине 18-сентябрга карата 108 млн 215 миң 542 сом түшкөн . Анын ичинен 105 млн 053 миң 771 сом чыгымдалган.

«Биримдик» партиясынын эсебине -97 млн 408 миң 300 сом түшкөн. Анын ичинен 89 млн 602 миң 259 сом чыгымдалган.

«Кыргызстан» партиясына 90 млн 539 миң 602 сом түшкөн. Анын 89 млн 407 миң 324 сому чыгымдалган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты