​Куш тумоосу Казакстандын беш облусунда тарады

  • 4 года мурун

Казакстандын беш облусунда̶ ̶ Түндүк Казакстан, Акмоло, Костанай, Павлодар жана Карагандыда үй канаттуулары кырылууда.

Бул тууралуу 21-сентябрда борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифинг учурунда айтылды.

«Ушул тапта беш облуска караштуу 26 райондо жана 47 айылда канаттуулардын кырылып жатканы аныкталды. Жеке үй-жайларда 12 926 канаттуу өлгөн. Түндүк Казакстан облусунда 41 миңден ашык куш кырылган» деди айыл чарба министринин орун басары Гүлмира Исаева.

Анын айтымында, үч облуста канаттуулар куш тумоосунан кырылып жатканы аныкталды, эки облуста болсо лабораториялык иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

Бир нече күн мурун Казакстан Айыл чарба министрлиги Түндүк Казакстан облусунда «жогору патогендүү куш тумоосу» тараганын, ага каршы күрөшүү чаралары башталганын кабарлаган. 26-августта Казакстан Орусиянын Омск облусунда куш тумоосу катталгандыктан, ал жактан канаттуулардын этин алып келүүгө тыюу салган.

Казак бийлиги үй канаттуулары кырылган фермерлерге компенсация төлөнөрүн билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, 4,7 миллион канаттуу үчүн 1,4 миллион доза вакцина бөлүндү. Буга кошумча дагы бир миллион вакцина сатып алуу пландалууда. Тумоо тараганга чейин 11,8 миллион канаттуу эмдөөдөн өткөн.

Министрлик өлгөн куштар жок кылынарын, залалсыздандыруу иштери күчөтүлөрүн билдирүүдө.

Кишилер арасына куш тумоосуна кабылгандар жок. Ылаң жуктурган канаттуулардын жанында жүргөн 400дөй киши көзөмөлгө алынды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: epa.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты