​Кыргызстандын аэропортторунан кайсы шаарларга учса болот?

  • 4 года мурун

«Манас» аэропортунан бүгүнкү күндө эл аралык жана ички аба каттамдары жандандырылды.

Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта төмөнкү каттамдар боюнча учууга боло турганы белгиленди:

• Бишкек-Стамбул-Бишкек;

• Бишкек-Анталья-Бишкек;

• Дубай-Бишкек-Дубай;

• Шарджа-Бишкек-Шарджа;

• Ташкент-Бишкек-Ташкент;

• Алматы-Бишкек-Алматы;

• Бишкек-Москва-Бишкек.

«Ош” аэропортунан төмөнкү багыттар боюнча чартердик каттамдар жүргүзүлөт:

• Москва-Ош-Москва

• Ош-Санкт-Петербург-Ош

• Ош-Новосибирск-Ош

• Ош-Екатеринбург-Ош

• Ош-Сургут-Ош

• Ош-Красноярк-Ош.

Ошондой эле жүргүнчүлөр үчүн учуу талаптары айтылды.

Россия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттарынын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары аталган өлкөлөрдүн аймагына келгенге чейин 3 күн мурда коронавируска текшерилген ПЦР анализдин (терс) жыйынтыгын алышы керек. Түркия мамлекетине уча турган жарандарга ПЦР — тесттин жыйынтыгы керектелбейт.

Мындан улам, бардык жүргүнчүлөрдү жолго чыгуудан мурда керектүү документтерди тактап алууну суранабыз – ПЦР — тест, жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуу) (аты-жөнү, туулган жылы, күнү, айы, жынысы, паспорттун мөөнөтү), өзгөчө жаңы паспортко көңүл буруу керек. Учакка билеттерди сатып алуу үчүн авиакомпаниялардын өкүлдөрүнө кайрылыңыздар.

Андан сырткары, төмөнкү багыттар боюнча ички каттамдар жандандырылды:

• Бишкек-Ош-Бишкек (күн сайын)

• Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек (жумасына бир жолу, жума күнү)

• Бишкек-Баткен-Бишкек (жумасына бир жолу, шейшемби күнү)

ААК «МАМ» аэропортторунун терминалдарына кирүүгө уча турган билети бар гана жарандарга уруксат берилет. Аэровокзалдын ичине кирип бара жатканда бардык жарандар дезинфекциялоочу тоннелден өтүшөт.

Бардык жарандар милдеттүү түрдө беткап режимин жана социалдык аралыкты сакташы абзел. Ал үчүн аэропорттордо атайын белгилер жана маалыматтык стенддер бар. Колду тазалоо үчүн санитайзерди колдонууну суранабыз.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, COVID-19 вирусун жуктурууну алдын алуу үчүн санитардык-көзөмөл пункттарынын кызматкерлери учуп келген бардык жарандардын дене табын текшеришет. Жарандарда ПЦР — тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган маалымкат милдеттүү түрдө болушу керек.

Буга чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда эл аралык жана ички аба каттамдары токтотулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты