Аравандагы жаңжалга байланыштуу РИИБ башчысы кызматтан алынды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө Араван районунда коомдук тартип камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн Араван РИИБнин жетекчиси, милициянын полковниги Сактан Исмаилов кызматтан алынды жана бир катар кызматкерлер тартип жазасына кириптер болушту.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

20-сентябрда Ош облусунун Араван районунун Юсупов айыл аймагынын Араван айылында Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чогулгандардын арасында уруш чыгып, аягы жаңжалга айланып кеткен. Бул факт боюнча Жазык Кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБ кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды жана сотко чейинки өндүрүш башталды.

Жаңжалда беш автоунаа талкаланган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө.

Жаңжал «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылып, кийинчерээк эки партия тең муну «чагым» деп сыпаттаган билдирүү таратышкан.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан жаңжалды тез арада иликтөөнү ички иштер министрлигинин жетекчилигине тапшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты