Коронавирус 81 кишиден тастыкталды

  • 4 года мурун

20-сентябрдагы маалыматта айтылгандай, COVID-19 инфекциясынын 81 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 10;
Ош – 2;
Чүй облусу – 5;
Ош облусу — 8;
Талас облусу — 3;
Ысык-Көл облусу – 14;
Жалал-Абад облусу – 20;
Баткен облусу — 19.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бир сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 4 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3199 га жетти. Алардын арасынан 2801 кызматкер сакайып чыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 45 416га жетти.

94 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 41 578ге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты