​“Республика” партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев: “Өлкөдөгү коррупциялык схемалардын башчыларын жазалоого күчүбүз да, эркибиз да жетет!”

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата бардык партиялар өз программаларын жар салышты. Алардын арасынан «Республика» партиясынын программасы бул жолу да максаттардын так жазылышы менен айырмаланып, анын айрым пункттары талкууга түшүп жаткан кез. “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев айрым саясый реформалар жөнүндө кененирээк түшүндүрмө берүү максатында маек берди.

— Мирлан Канатбекович,“Республика” партиясынын программасында Президенттик институтуу жоюу керек деген демилге бар. Ушул боюнча коомчулукта ар тараптуу пикирлер орун алып жатат?

— Кыргызстанда эки революция тең эбегейсиз укукка ээ Президенттик институттун жана үй-бүлөлүк-мафиялык кландардын кесепетинен келип чыккан. Алар Кыргызстандын казынасын өз капчыгындай көрүп, өз жакындарын гана байытууга багыт алып калган. Президенттик институт ынтымакка, өнүгүүгө баштаган жол эмес, тескерисинче, ыдыроого жана коомдо ынтымакты жогото турган институтка айланып калды.

Бийликтин ээси-эл! Элибиз мамлекеттик башкаруунун так жолун тандашы керек. Биз бул маселе боюнча өзүбүздүн ачык позициябызды айтып коюшубуз керек. “Республика” партиясы парламенттик башкаруу үчүн! Өлкөдө бардык бийлик бутактары баш мыйзам менен жүктөлгөн милдетин кыйшаюусуз аткарышы керек. Кылчактабастан жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керек. Өлкөнүн жоопкерчилиги Премьер-министрге жана Өкмөткө жүктөлүшү керек!

Айрымдардын Президент болуш керек, көзөмөлдөгөн бирөө болуш керек деген пикирлерин угуп жатам. Биз дайыма бирөөлөрдү туурап жүрөбүз, качан бизге ылайыктуу болгон өз жолубуз менен кетебиз? Мисалы, АКШда Премьер-министр жок, министирлер кабинетин Президент башкарат. Ал жакта Конгресс менен Президенттин ортосундагы арбитр бул- сот.

Ошондуктан, биздин сунуш Конституциялык соттун укугун бекемдеш керек, ортодо талаш-тартыштуу маселе болсо Конституциялык сот чечет, ошондо өлкөнү мыйзам башкарат. Партиялык, саясый маданияттуулук өсүп, жоопкерчилик да күчөйт. Шайлоодо кайсы партия көп добуш алып келсе, ошол партиянын жетекчилери Премьер-министир болуп келип, өз партиясынын эл алдындагы кадыр-баркы үчүн, анын программасынын аткарылышы үчүн жан үрөп иштейт. Эгерде аткаруу бийлиги натыйжалуу иштей албаса, партия Өкмөт менен кошо жоопкерчилик тартып, кийинки шайлоодо парламентке өтө албай калат.










— Парламенттик өлкөлөрдө Премьер-министр эң көп добуш алган партиядан дайындалышы керек, Кыргызстанда бул эмне үчүн ишке ашпай жатат?

— Биз парламенттик мамлекетте болбогон практиканы колдонуп келе жатабыз. Жада калса, кошуна супер президенттик өлкөлөрдө да парламенттик шайлоодо утуп келген партиянын лидери Премьер-министр болот. Мисалы: Казакстанда «Нур Отандан», Орусияда «Единая Россиядан» келген Өкмөт башчыларын мисал тартсак болот.

Ал эми Кыргызстанда болсо саясий партияга таптакыр тиешеси жок жаран эле министрлер кабинетин башкарып калып жатат. Мындай жол менен келген өкмөт башчынын эл алдында эч кандай жоопкерчилиги жок, анткени шайлоого катышып, электоратка убадасын берип келген эмес. Ал бир адамдын же бир топтун батасын алып, анын буйругун аткаруу үчүн келген адам.

Ошол себептен биз азыр жалтак, эл алдында жопкерчиликсиз өкмөт башчыларын көрүп жүрөбүз. Жаңы Премьер-министр келсе аппараты толук өзгөрүп, вицелеринен тарта министрлердин командасы кароолчусуна чейин алмашат. Кызматтан алып салган адамдары душманына айланат. Ошентип, 6 ай алмаштыруу менен алектенет, анан ордуна башка келет, ал да өзүнүн убактысынын көбүн тааныш-туугандарын алып келүү менен өткөрүп иштегенге мүмкүнчүлүгү калбайт.

Аларга буйрутма берген адамдын тапшырмасын аткаргандан башка нерсенин кереги жок. Жыйынтыгыда, жалпы өлкө утулуп, экономика жабыр тартып, элдин мүдөөсү аткарылбай калып жатат.

Биз өкмөттү түзсөк, убада биздики, программа биздики болот! Тиги мунун кадры, бул тигинин тууганы деп эч кимди бөлбөйбүз, өкмөттүн курамын ким кайсы партиядан экенине карабастан жалаң профессионалдардан түзөбүз. Эгерде биздин партия өкмөттү кураса саясий да, экономикалык да жоопкерчиликти толук мойнубузга алабыз! Эч кимди карап жалтаңдабай, чыныгы адистерден түзүлгөн команда менен программабыздагы реформаларды ишке ашырууга билек түрө киришебиз.











-Ал эми партиялар арасындагы квота деген маселени кандай кыласыздар?

— Квота деген нерсе мыйзамда жок, эч жерде жазылган эмес. Бүгүнкү күндө коалициялык көпчүлүк Премьер-министирди гана шайлайт, башка министрликтер боюнча милдеттүү түрдө квота берилет деген жок нерсе. Эгерде күчтүү, чечкиндүү өкмөт башчы болсо командасын өзү түзөт, курамын өзү сунуштайт, партиясына же кимдир-бирөөнүн көрсөтмөсүнө же өтүнүчүнө карабай адистигине карап тандай алат. Ал эми азыр кандай? Эч кандай программасы жок, эл алдында берген убадасы жок Премьер-министр жана партияларга устукан катары тартылган кызматтар энчиленген чиновниктер болуп калганын моюнга алыш керек.

-Эми УКМКны жоюу боюнча маселеге кайрылалы, бул демилгеңиздерге да терс пикирлер болуп жатат?

-Тилекке каршы, кечөө эле саясий куугунтукта жүргөн адамдар ушундай позицияны карманып жатышканы таң калыштуу. Ошондой эле, программаны толук окуп үңүлбөстөн “экспертмин” дегендер өз пикирлерин билдирип чыгышты.

Бүгүнкү күндө УКМК өзүнүн түпкү миссиясына туура келбеген функцияларды аткарып жатат. Бүгүн бул орган “жандарм” катары эле жарандарды аңдып, ким чындыкты сүйлөсө, ким альтернативдүү ой айта турган болсо ошону куугунтукка алуу менен гана алек. Бүгүнкү күндө саясий айдыңда башкача ой жүгүрткөндөр кысымга алынган учурлар бар.

Альтернативдүү пикир, башкача көз караш, эгерде уңгусунда улуттук коопсуздукка доо кетирген террордук чакырыктар болбосо, баш мыйзам менен корголгон. Азыр чет жактан миллиондогон каражаттар которулуп, ошонун эсебинен байып жаткан адамдар бизге өздөрүнүн идеологиясын, саясатын, биздин кыртышка жат баалуулуктарын таңуулап жатат. Кибер коркунучу, милииарддаган каржысы бар эл аралык террордук уюмдардын коркунучу бар.

Бизде жүздөгөн үй-бүлөлөр согуш жүрүп жаткан аймактарга жалданып кетип жатат. Чет жактан келген күмөндүү акчаларга курулган объекттердин ачылышына барып лента кеспей, УКМК ушул сыяктуу тышкы коркунучтарга каршы иш-аракеттерди жасашы керек.

Анын ордуна карапайым дарыгер, жөнөкөй дыйканды бийликтин көз карашына дал келбеген сөзү үчүн кечирим суратып, майда иштер менен алектенип жатат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин биринчи жана эң негизги жумушу өлкөнү сырткы күчтөрдөн коргоп, мамлекеттин эгемендүүлүгүн , улуттук коопсуздукту камсыздоо болуп саналат!

Мындан улам, биз УКМКнын керексиз, мындайча айтканда, “жандармдык” функцияларын жоёбуз. УКМК замандын жаңы чакырыктарына даяр болуп, өлкөнүн тышкы коопсуздугуна калкан болушу керек !

— Сот реформасы тууралуу айтып келе жатканыбызга көп болду, сиздерда сот системасын толук көз карандысыз кылабыз деп жатасыздар, кантип деген суроо жаралат?

— Соттор буйрутманы аткарып иштеп калышканы жашыруун эмес. Кээ бир сотторду жолдогу мурдагы МАИ кызматкерлери менен салыштырсак болот. Алар деле көчөдөгүдөй мыйзам бузган адамды пара менен же телефонду ксүйлөшүүдөн кийин коё берет. Адилеттүүлүк жок болуп калды.

Бүгүнкү күндө соттор да айрым депутаттардай эле кожоюн таап алып ошолордун сөзүнөн чыкпай жүрөт. Өз алдынча ойлоно албаган, бирөөнүн жетегинде жүргөн жаш, компетентүү эмес соттор пайда болду. Паракорчулук боюнча мурда биринчи орунда МАИ кызматы турса, азыр соттор турат.

Кыргызстанга инвестициянын келбей, бизнес өнүкпөй жаткандыгынын бирден-бир себеби — соттордун адилетсиздиги! “Республика” партиясы көз карандысыз, адилеттүү сотту камсыз кылабыз! Биз бардык экономикалык талаш-тартыштарды третей сотторуна беребиз. Учурда Британиянын соту эң адилеттүү сот катары брендге айланды.

Дээрлик бардык дүйнөлүк талаш-тартыштар Британия сотунда каралат, дүйнөлүк ири компаниялар, инвесторлор Лондонду тандашат. Биз британдык сот системасы менен, керек болсо британдык сотторду жумушка орноштуруу менен бул тармакта адилеттүүлүктү орнотушубуз керек. Бул экономиканын өнүгүшүнө алып келет. Мындай система Сингапурда киргизилген, 2016-жылы Казакстанда ишке кирди эле, азыр ал жакта инвестиция көбөйдү.

Третей соту бизнестин кызыкчылыгын коргойт, объъективдүү, калыс чечимдерди чыгарат. Кыргызстанга бир сом же доллар алып келем деген инвестор анын каражаты корголооруна ишенимдүү болушу керек.

Ал эми жалпы судьялардын калыстыгын орнотуу үчүн телефондук укукту жоюш керек. Алардын жеке телефону бүгүнкү күнү жашыруун тыңшоодо болсо, биз ачык тыңшоого өтөбүз. Соттун баскан-турганы, анын декларациясы, мүлк-байлыгы толук көзөмөлдө болушу керек.

Эгерде сот аны ачык бузса, коомчулуктун пикирин эске албаса жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле балдарга, зордук-зомбулуккка байланыштуу сот отурумдарынан башкасын онлайн көрүүгө жол ачабыз. Айрыкча, экономикалык талаш-тартыштар, саясый ишмерлер аралашкан резонанстуу соттук териштирүүлөр ММК, коомчулук үчүн ачык болушу керек.

Эгер биз бийликке келип, реформаларды ишке ашырсак, укук коргоо органдарында буюртма менен иштеген тергөөчү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, опер кызматкерлер жана соттор боюнча ачык-айкын чоң соттук териштирүүлөрдү өткөрөбүз. Биз люстрацияны ушул тармактардан баштайбыз!

Арасында кайсы гана бийлик болбосун иштешип кетүүгө жөндөмү күчтүү тергөөчүлөр бар, буйрутма соттор бар, буйрутма кызматкерлер бар. Алар жеке кызыкчылыгы үчүн бийлик алмашкан сайын кожоюнун өзгөртүп турушат. Ошондуктан, экономикалык иштерде же саясый буюртма менен бейкүнөө адамдарга кылмыш ишин козгогон, абактарда кыйноого алып, күчкө салып сүйлөттүргөн укуккоргоо органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартып, кара тизмеге киргизебиз. Алар эч качан мамлекеттик кызматта иштебегендей болушу керек!

— “Республика” партиясынын коррупцияга каршы ураандары катуу чыкты, бирок, бул боло жүргөндөй куру кыйкырык, куу сүрөөн болуп калбайбы?

— Коррупция азыр тамырын ушунчалык терең жайды, анын масштабын ушундан билиңиз! Коррупционерлер уюшкан кылмыштуулук топтордун лидерлери менен бирге саясий партия түзүп, алдына өтө амбициялуу саясий максаттарды коюшту.

Коррупция кулачын кенен жайганын ушундан билиңиз! Алар азыр коомчулукка ачык чакырык таштап жатат. Алар бүгүнкү күндө ушунчалык күчкө толгондугунун белгиси — коомчулуктун нараазычылыгына карабай өздөрүнүн саясий амбицияларын жар салып жатышат. Биз бийликти алганга даярбыз, андан кийин буга чейин көмүскө иштепкелген коррупциялыкс хемаларды мыйзамдуу түрдө иштетебиз деп турушат.

Мен юрист катары, бул тармакты илимий жактан изилдеп чыккан адам катары айта алам, коррупция бул кылмыш эле эмес, бул социалдык көрүнүш. Кээ бирлер коррупциялых схемаларга аргасыз аралашканга мажбур, кээ бирөөлөр жеке кызыкчылыктан улам барып жатат. Биз коррупцияга каршы 500 сом алган мугалимден баштап, казынадан миллиарддарды уурдаган аткаминерлерди соттоп эле күрөшпөстөн, эң ириде анын келип чыккан себептерин жок кылышыбыз керек.

Мунун бир гана жолу- бардык мамлекеттик мекемелерди санариптештирүү жана алардын ишмердүүлүгүнө ачыктык киргизүү. Себеби, ар бир көлөкөдө кабыл алынган чечим бул — коррупция. Учурда коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна , мамлекеттин эгемендүүлүгүнө коркунуч туудуруп калды! Мамлекеттик чечимдер эл аралык кылмыштуу топтордун аралашуусу менен кабыл алынып жатат. Бажы, контрабанда кылмыштуу топ менен биригип калды.

Алардын наркотрафик боюнча кызыкчылыктары бар, курал-жарактарды мыйзамсыз ташуу боюнча кызыкчылыктары бар. Бул Кыргызстан аркылуу өткөн мультимиллиарддык рынок! Эми бүгүн бул схеманын катышуучулары өздөрүнүн саясий амбициясын жар салып чыгышты. Бардык прогрессивдүү коом, эл аларга каршы турушу керек!

— “Республика” партиясы коррупционерлердин, криминалдын бийлик келишине кантип тоскоолдук кыла алат?

— Биз жарандарды бизге добуш берүүгө чакырабыз. Көпчүлүк добушка ээ болсок, айтылган реформалардын баарын ишке ашырабыз! Бул коррупциялык схеманын өкүлдөрүн жазалоого күчүбүз да, эркибизда жетет!

Урматтуу мекендештер! Бүгүн ак менен каранын күрөшү болуп жатат. Бүгүн трансулуттук кылмыштуу топтор, коррупциялык схемалардын эрке балдары, бийлик алмашкан сайын беткаптарын алмаштырып,таасирдүүлөрдү тандап этегине жүгүнүп жүргөн саясатчылар, кошоматчылар жана кылмыштуу ишмердигин жаап-жашыруу максатында бийликти эңсегендер саясатка аттанып жатат.

Бүгүн коомчулук кимдин ким экендигин ачык көрүп турат. Өлкөнүн келечегин уурдап- тоногондун эсебинен, салынбаган ооруканалардын, мектептердин, жолдордун эсебинен, жетпеген электр жарыгынын, таза суунун, коюлбаган интернеттин эсебинен байыган партиялар бүгүн ошол элдин каражатын сапырып чачып жатат. Бүгүн эң жаманы, саясатка кылмыш дүйнөсү да аралашты, анткени, жеңиштин куну жогору. Эгерде алар буга чейинбир бийликке кошомат кылып тынч жүргөн болсо, бүгүн алар ачыкка чыкты!

Бетине жаш кыз-жигиттерди кармап алып ураан-чакырыкты салып, келечекти сатып алабыз деп демдүү баратышат. Алардын калп сөздөрүнө алданбаңыздар, арам акчаларына сатылбаңыздар! Сиздин бир добуш бул — биздин келечек! Сиздин бир добуш бул — балдарыбыздын, неберелерибиздин келечеги! Эгерде бул шайлоодо каракүчтөр утса тарых өзгөрөт, багыт кескин бурулат!

Латын Америкасындагыдай, Ооган мамлекетиндегидей кылмыштуу топтордун башкаруусуна жол ачасыздар. Ким кандай сөз айтпасын, тандоону кабинадан сиз жасайсыз! Биз баарын көзөмөл кылабыз деген сөздүн баары төгүн, кабинанын ичинде бир Жараткан менен жалгыз өзүңүз болосуз! Ошондуктан, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн, балдардын келечеги үчүн,эртеңки бакубат жашоо үчүн тандоону туура жүргүзүңүз!

«Республика» саясий партиясы. ИНН01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты