Дастанбек Жумабековду талапкерликтен алып салуу сунушу өткөн жок

  • 4 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы жумушчу комиссиясынын сунушу менен «Кыргызстан» партиясынын катарында депутаттыкка талапкер, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун көз жарган энеге 50 миң сом сүйүнчү берүү менен мыйзам бузганы боюнча маселени карады.

Жыйында БШКнын жумушчу тобунун Дастанбек Жумабековду депутататтыкка талапкерлер тизмесинен алып салуу тууралуу сунушу колдоо тапкан жок.

Жыйында «Кыргызстан» саясий партиясына Дастанбек Жумабековдун жоругунан улам шайлоо талаптарын бузгандыгы боюнча эскертүү берүү чечими чыкты.

14-сентябрда Интернеттеги социалдык түйүндөргө «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков көз жарган келинге 50 миң сом сүйүнчү берген учурдагы сүрөттөр жарыяланып, эртеси өчүрүлгөн.

Анын алдында БШК «Кыргызстан» саясий партиясына балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн эскертүү берген.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты