Дагы 91 киши коронавируска чалдыкты

  • 4 года мурун

18-сентябрдагы маалыматта айтылгандай, COVID-19 инфекциясынын 91 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 7;
Ош — 3;
Чүй облусу – 11;
Ош облусу — 15;
Талас облусу — 3;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 15;
Баткен облусу — 20.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 17 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3188 жетти. Алардын арасынан 2760 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди .

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 45 244 кишиге жетти.

98 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 41 415ке жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты