БШК мүчөлөрү шайлоо маалында 240 миң сомдон сый акы алышат

.

БШК мүчөлөрү шайлоо маалында 240 миң сомдон сый акы алышат

Борбордук шайлоо комиссиясы Парламенттик шайлоону өткөрүүгө Түркия мамлекетинен жардам сурады. Тагыраак айтканда, шайлоочуларды идентификациялоочу аппараттарды жана добуш берүү үчүн автоматтык урналарды алуу үчүн Түркияга кайрылган. Түрк бийлиги бул өтүнүч канааттандырып, жалпы суммасы 100 миң долларлык жардам көрсөтмөй болгонун Туркиянын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта айтылат.

БШКнын манипуляциясы

Буга чейин 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлө турган кезектеги парламенттик шайлоодо шайлоону уюштуруу жана даярдоо боюнча чыгымдардын абдан сарамжалдуу пайдаланылгандыгын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген.

Ал маалыматта 2020-жылдын республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамы менен бул жылдагы жалпы шайлоолорду өткөрүүгө 732 млн сом каражат бөлүнгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы бул каражатты сарамжалдуу пайдаланып, парламенттик шайлоону өткөрүүгө анын 446 млн. 900 миң сомун коротууну пландап жатканы кабарлаган.

БШКнын бул маалыматында манипуляция колдонулган. Себеби, бюджеттин акчасы сарамжал пайдаланылганынан эмес, пандемияга байланыштуу жергиликтүү шайлоолор өтпөй калганынан улам үнөмдөлгөнүн белгилей кетели.

Колго тийген смета

Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен парламенттик шайлоонун чыгымдарынын сметасы биздин колубузга тийди. Бул сметадагы маалыматтарды карап көрсөк, БШКнын маалымат кызматы коомчулукка ачык таратпаган маалыматтар дагы бар.

Биз атайын БШКга суроо-талап кат жазып, жооп алдык. Бирок ал жакта жалпы гана маалыматтар берилген, бирок деталдуу жооптор көрсөтүлгөн эмес.

Чү дегенде эле БШКнын 9 мүчөсүнө үч айга жалпысынан 2 млн 160 миң сом сый акы каралганы жазылган. Демек, ар бир мүчө үч айдын ичинде 240 миң сомдон сый акы алат. Жалпы кызматкерлерге болсо өздөрүнүн иш убактысынан ашык иштегени үчүн 8 млн 219 миң 300 сом каралган.

Биз бул сый акынын көлөмүн билүү үчүн БШКга бир нече ирет кайрылдык. Бирок маалымат кызматы бизде мындай маалымат жок деп жооп берди.

Салыштыруу макстаныда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгыг жөнүндө 2020-жылдын июль айына карата жарыялаган маалыматтары алып көрдүк. БШК мүчөлөрүнүн бир айда алган сый акысы дарыгердин айлык акысынан сегиз эсе көп.

БШК төрайымынын орун басары Бекматов Абдыжапар шайлоо астындагы жумуштун көлөмү көп болгондугу үчүн ушундай сый акы бекитилгенин тастыктады.

«КР Өкмөтүнун токтомуна ылайык, шайлоо мезгилиндеги не нормированный жумуш күнүндө иштешет, круглосуточно бюллетендер басылат, командировкаларга барышат, ушундай иштерде айына 80 миң сомдон сый акы алышат. Үч айга 240 миң сомдон болуп калат«, — дейт Абдыжапар Бекматов.

Мыйзам боюнча БШК төрайымы менен орун басарлары айлык алып иштешет. Ал эми калган 9 мүчөсүнө сый акы каралган. Шайлоого чейинки сый акынын көлөмү 30 миң сомдун тегерегиндеги сумманы түзөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана милдеттери атайын регламентте бекитилген.

Биз БШК мүчөлөрүнүн ар биринен комментарий алганга аракет кылдык. Бирок алардын бирөө дагы сый акынын так көлөмүн билбей турганын айтышты.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев бул маалымат тууралуу кабары жок экендигин айтат:

«Ал боюнча кабарым жок экен. Эгер ошондой болсо абдан жакшы. Себеби, ошол акчага татыктуу эле иш алып барабыз, транспорт, телефон ж.б. чыгымдарды эч ким камсыздап бербейт. Башка КМШ өлкөлөрүнүн шайлоо комиссиялары канча аларын билесизби?», — деп билдирди Осмоналиев.

БШК мүчөсү Алмаз Асаналиев болсо сый акысы 32 миң сом эле экенин айтты.

Ал: «БШК мүчөлөрү ар кайсы жаатта иштеп жүргөндөрдөн тандалат. Негизги айлыгыбыз 32 миң сом. Аны биз жөн эле албайбыз да, аткарган иштерибиз бар. Мен мисалы бизнес тармагы менен алектенем. Өзүбүздүн жумушубуз менен кошумча шайлоо иштерин аткарганыбыз үчүн акы берилет» — деп билдирди.

БШКнын мүчөсү Гулнар Журабаева кадыресе айлыктан үч эсе көп төлөнүшү керектигин билдирди:

«Эгер сметага 3 айга ар бир мүчөгө 240миң сомдон деп бекитилген болсо, анда туура эле болсо керек. Негизи шайлоо алдындагы 3 айга берилген сый акы кадимки айлыктан 3 эсе көп төлөнөт болчу, анткени ошого жараша шайлоонун алдында жумуш көп болот,» — дейт Гулнар Журабаева.

Бул смета бекитилип жатканда БШК мүчөсү болуп туруп, бирок азыр шайлоого талапкер болуп жаткан Назарали Арипов сый акынын 80 миң сом экени калп деп билдирди.

«Кудайды карап калп айтсаңар? Ким 80 миң сом алсын! Карандай калп!», — дейт Арипов.

«Бул өтө эле көп»

Бир кезде БШКнын мүчөсү болуп иштеген Клара Сооронкулова, ал кездеги сый акысынын көлөмү так эсинде жок экенин, бирок мындан алда канча аз болгонун айтты.

«БШКнын мүчөсү катары 10 жыл мурун иштегем, канча сый акы алганыбыз эсимде жок. Бирок быйылкы 3 айга 240 миң алганы өтө эле чоң сумма экен. Негизи БШК мүчөлөрү коомдук ишкер катары жүрүшөт, айлык алышпайт. Аларга шайлоого карата гонорар төлөнөт. Мен иштеген кезде мынчалык көп сый акы алган эмеспиз», — дейт Клара Сооронкулова.

ПолитКлиника










Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты