​Экс-министр Космосбек Чолпонбаев эки айга камалды

  • 4 года мурун

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Космосбек Чолпонбаев кылмыш кодексинин 320-беренеси, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмышка шектелип жатат.

Ал консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча контракт түзүүдө бюджетке 65 млн сом чыгым келтирген деп шектелүүдө .

15-сентябрда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматта турганда кылган «шалаакылыгы жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланды» деген шек менен кармалган. Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты