​“Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин тизмесинде жок кишилер баннерлерде илинип турганы чын

“Кыргызстан” саясий партиясынын үгүт иштеринин айланасында түшүнбөстүктөр уланууда. Баннерлерге партиянын талапкерлеринин тизмесинде жок адамдардын сүрөттөрү чыгып жатканын социалдык тармактардын колдонуучулары сынга алып, БШКны бул маселени карап берүүгө чакырышкан. Баннердеги адамдар кимдер? ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Талас облусунда партиянын талапкери болуп эсептелбеген эле айымдын сүрөтү бар баннер илинип тургандыгы социалдык тармактарда тараган.

Сүрөттөгү айым — Индира Куралбекова. Борборлук шайлоо комиссиясы жарыялаган партиянын тизмесинде бул айым катталган эмес.

Куралбекова Индира көп жылдар бою № 4 кесиптик лицейде эмгектенип, акыркы жылдары Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында иш алып барган. Куралбекованын Facebook баракчасында “Кыргызстан” партиясынын активдүү мүчөсү экенин көрүүгө болот. Ошондой эле постторунун биринде баннерде сүрөтү илинип турганы ал үчүн сыймык экенин билдирген.(ред: “Менин сүрөттөрүм партиянын жүзү катары бир гана Таласта эмес айрым аймактарда да илинип турат. Бул мен үчүн чоң сыймык.”)

Ал эми шаарыбыздагы көчөлөрдүн биринде илинген баннердеги Турусбек Джапаркулов мырзаны да партиянын катталган талапкерлеринин арасынан тапкан жокпуз.

Партиянын талапкерлеринин арасына кирбеген мүчөлөрүн баннерге чыгаруу канчалык мыйзамдуу деген ой коомчулукта жаралып жатат. Бул маселени БШКнын шайлоочуларды маалыматтандыруу, шайлоо процесси жана үгүттөө иштери боюнча жумушчу топ бүгүнкү жыйынында карай турганын билдиришти.

Ал эми “Кыргызстан” партиясынын маалымат кызматы: “ Баннерлерге талапкерлер менен бирге партиянын активдүү мүчөлөрү илинди. Бул маселени биздин юристтер карап жатышат.”,- деп билдирди.

Жыйынтык: «Кыргызстан» партиясынын баннерлеринде илинип тургандар партиянын талапкерлеринин тизмесинде жок экендиги чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты