Коррупциялык жана кызматтык кылмыш боюнча мамлекетке 13, 6 млрд сом зыян келтирилген

  • 4 года мурун

2018-2019-жылдардын жана 2020-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен коррупциялык жана кызматтык кылмыш боюнча мамлекетке келтирилген зыян 13, 6 млрд сомду түзгөн, анын ичинен мамлекеттин пайдасына 5 млрд 827 млн сом өндүрүлгөн.

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңеши тарабынан сунуш кылынган антикоррупциялык иш-чараларды тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери катуу тартип жоопкерчилигине тартылышканын баса белгиледи.

«13 млрд сомдун дээрлик жарымы кайтарыла элек. Бул багыттагы иштерди күчөтүү керек» деди. Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекеттик бюджетти талап-тоногондорго, кызмат ордун пайдаланып, мыйзамсыз байыгандарга эч кандай аёо жана кечирим болбой турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты